ЧЫЧКАН І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тумшугу ичкерээк келген, узун куйруктуу, көбүнчө боз түстөгү кемирүүчү жандык. Карышкырды сынасаң улак байлап кой, чычканды сынасаң каптагы унга капкан салып кой (Жантөшев). 2. Эски эсеп боюнча айбандардын атынан түзүлгөн он эки жылдык жыл эсебинин биринчи жылынын аты. Чычкан жылы.