Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (или аш-тамак или тамак-аш) пища; продукты питания, продовольствие;
тамак ич- принимать пищу;
бүгүн тамак ичтиңби? ты сегодня ел?
эр тамагы элден, бөрү тамагы жолдон погов. пища молодца от народа, а пища волка в пути;
тамак-аш өнөр жайлары предприятия пищевой промышленности;
сенсиз менин тамагыман аш өтмөк беле? разве без тебя мне пища в горло пойдёт?
мүнөз тамак пища "нейтральная" (см. ысылык);
түрдүү тамактын башы изысканная пища, разносолы;
тамагын таштай качышкан они в панике бежали (букв. бежали, бросив пищу);
арам тамак
1) пища, добытая нечестным путём; нечестный доход;
арам тамак аш болбойт погов. нечестно добытая пища впрок не идёт;
2) дармоед;
тамак жебей, таш жейин! чтоб неладно было этой пище! (букв. не буду есть пищу, буду есть камень - так, напр., говорит тот, кто увлёкшись едой, упустил дело);
башка тамак ичкендер живущие отдельным, собственным хозяйством (напр. о выделенных сыновьях);
2. глотка, горло;
тамактан өткөндүн баары тамак погов. всё, что проходит через горло,-пища;
ай тамак
1) нежная шея (женская);
2) перен. женщина с нежной шеей (красавица);
кыл тамак
1) тонкошеий;
2) человек, который ест очень мало;
3) название болезни горла;
тамак ичер время сразу после куптан (см.);
каз тамак герань холмовая, журавлинник;
жүрөгүмө тамак басып калды я совсем успокоился (оправился от страха);
жүрөгүмө тамак баспай турат у меня совсем нет аппетита;
ак тамак женщина (не девушка, в старом быту девушка ходила в шапке, с открытой шеей, а потому у неё вся шея была покрыта ровным загаром; женщина закрывала щёки и горло платком, и у неё они были светлее);
тамагын майла- подмаслить кого-л. (угостить с целью угодить);
тамак кыр- или тамак жаса- откашливаться (напр. готовясь говорить);
коко тамак или чар тамак зоб (болезнь);
тамак боо супонь.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Адамдын, айбандардын, өсүмдүктөрдүн өсүү, өнүгүү, жашоо шартына зарыл түрдө керектелүүчү, азык болуучу заттар. Дасторкон жайылып, анын бети түрдүү тамакка толду (Байтемиров). Бышылуу тамактын күйүтү жаман (макал).
ТАМАК II зат. Ооз көңдөйү менен кызыл өңгөчтүн туташкан жери, алкым. Ал кетип, тамак кургап турган чакта, Кандырган кайрыкерим дагы ушул суу (Аалы).
Тамагы жаман — тамаксоо, тамак ичип-жегенди абдан жакшы көргөн, тамак жагына келгенде чыдап тура албаган. Тамагы жаман уулуң кымызды сагыныптыр (Сыдыкбеков). Арам тамак — жатып ичер, даяр оокатка көнгөн. Калган койду санагыла, жер жуткан арам тамактар (Аалы). Кыл тамак — тамакты абдан аз ичкен, тамакты ылгап ичкен.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
К.Сейдакматовдун ою боюнча, азыркы кезде омоним катары колдонулуп жүргөн тамак I (алкым) менен тамак IIнин (азык) ортосунда тыгыз байланыш бар. Ал буга далил катары алтай тилинде курсак сөзү «кишинин курсагы» маанисинде да, «тамак» маанисинде да колдонуларын келтирет. Сыягы, тамак сөзү башында көп маанилүү сөз катары колдонулуп жүрүп, кийин маанилик байланыш сезилбей калгандан кийин, эки башка омоним сөз катары кабыл алынып калса керек, анткени бул омонимдердин жаралышынын негизги жолдорунун бири болуп саналат. Окумуштуу азык сөзү да байыркы агыз (бизде оозго айланып кеткен) сөзүнүн метатезаланышынан (агыз > азыг > азык) келип чыккан деп божомолдойт (Сейдакматов 1988 :212-213).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Ооз көңдөйүнүн кызыл өңгөч менен туташкан жери тамак аталат. Ошол эле сөз «ичиле турган тамак» маанисин да берет. Биздин оюбузча, мындай болуп бир эле сөз эки башка маани берип калышынын тыгыз байланышы бар. Алтай тилинде курсак сөзү «адамдын курсагы» деген мааниде да «иче турган тамак» маанисинде да боло алат. Аларда курсакка бара турган нерсе курсак аталып, «тамак» маанисин берип калса, кыргыз тилинде тамактан өтчү нерселер тамак аталып калган. Ушуга караганда азыркы азык сөзү байыркы агыз сөзүнөн келип чыгышы мүмкүн. Байыркы түркчө агыз «ооз» дегенди билдирген. Агыз сөзүнүн г жана з тыбыштары метатезаланып жайгашуусунан азык сөзү келип чыгышы мүмкүн.