ТАМАК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаОоз көңдөйүнүн кызыл өңгөч менен туташкан жери тамак аталат. Ошол эле сөз «ичиле турган тамак» маанисин да берет. Биздин оюбузча, мындай болуп бир эле сөз эки башка маани берип калышынын тыгыз байланышы бар. Алтай тилинде курсак сөзү «адамдын курсагы» деген мааниде да «иче турган тамак» маанисинде да боло алат. Аларда курсакка бара турган нерсе курсак аталып, «тамак» маанисин берип калса, кыргыз тилинде тамактан өтчү нерселер тамак аталып калган. Ушуга караганда азыркы азык сөзү байыркы агыз сөзүнөн келип чыгышы мүмкүн. Байыркы түркчө агыз «ооз» дегенди билдирген. Агыз сөзүнүн г жана з тыбыштары метатезаланып жайгашуусунан азык сөзү келип чыгышы мүмкүн.