Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
К.Сейдакматовдун ою боюнча, азыркы кезде омоним катары колдонулуп жүргөн тамак I (алкым) менен тамак IIнин (азык) ортосунда тыгыз байланыш бар. Ал буга далил катары алтай тилинде курсак сөзү «кишинин курсагы» маанисинде да, «тамак» маанисинде да колдонуларын келтирет. Сыягы, тамак сөзү башында көп маанилүү сөз катары колдонулуп жүрүп, кийин маанилик байланыш сезилбей калгандан кийин, эки башка омоним сөз катары кабыл алынып калса керек, анткени бул омонимдердин жаралышынын негизги жолдорунун бири болуп саналат. Окумуштуу азык сөзү да байыркы агыз (бизде оозго айланып кеткен) сөзүнүн метатезаланышынан (агыз > азыг > азык) келип чыккан деп божомолдойт (Сейдакматов 1988 :212-213).