сез I то же, чтосес; сез кыл- или сез көрсөт- или сезин ал- или сез ал- запугивать, стращать, наводить страх; адамдарга сез кылып наводя страх на людей; манаптар кедейлердин сезин алып, коркутуп, мындай иш кылышкан манапы, стращая и пугая бедняков, такое вот дело творили; кадимкидей жетилип, душманга салсаң сезиңди фольк. когда ты по-настоящему вырастешь и войдёшь в силу и наведёшь страх на врага. сез II чувство; сези кетип калды он впал в бесчувствие. сез- III чувствовать, чуять, догадываться; мен суукту сезбейм я холода не чувствую; асыл таасирин сез- чувствовать благотворвое влияние чего-л.
этиш.1. Сезим органдары аркылуу бир нерсени туюу, байкоо. Дабышты сезет. Ысык-суукту сезет. 2. Түшүнүү, билүү, байкоо. Мамбеткул өз айыбын сезер менен Салык досу менен жарашкысы келди (Каимов). [Энеси] Жылдызканды карап, анын-түрүн байкады. Эч кандай капалыктын шегин сезген жок (Байтемиров).
1. Сезим органдары аркылуу бир нерсени туюу, байкоо. Дабышты сезет. Ысык-суукту сезет. 2. Түшүнүү, билүү, байкоо. Мамбеткул өз айыбын сезер менен Салык досу менен жарашкысы келди (Каимов). Энеси Жылдызканды карап, анын түрүн байкады. Эч кандай капалыктын шегин сезген жок (Байтемиров). Ыраактан сезип жүрөк аптабыңды, Аяздуу түндөрүндө бөтөн жердин (Байгазиев). Муну айлык тараткан күнү даана сезесиң (Усубалиев). Азыр да жытын сезем ошол нандын, Таппасмын андай нанды кыдырсам да (Байгазиев).
(орф. сескен-) бояться, опасаться; баатыр болсоң, жоого кир, көзүңдү жумуп сезгенбей фольк. если ты богатырь, нападай на врага, не закрывая глаз и не боясь; кабыргадан сезген- заболеть воспалением лёгких; алдынан сезгенген киши больной гонореей или другой венерической болезнью.
обладающий интуицией; догадливый, проницательный; сторожкий, чуткий; мурункусуна караганда байкагыч, сезгич болуп, акылына акыл кошуп алды по сравнению с прежним он стал более наблюдательным, догадливым, поумнел; сезгич жүрөк чувствительное сердце; жалгыз жүрүүгө сезгич жүрөгү чыдабайт жить одному - (этого) не стерпеть его чувствительному сердцу.
то же, чтосестен-; секирип качкан сезденип шайың кана, куба кой? стих. где, белая овца, та твоя сила, когда ты в страхе бежала прыжками? Эшимдин чочуланышынан Абыл да сездене баштады из-за опасений Эшима и Абыл начал испытывать страх.
как бы не чувствующий, как бы не замечающий; сезмексен болуп или сезмексенге салып сделав вид, что не замечает, не чувствует; прикинувшись не заметившим, не почувствовавшим.
зат.I. Жылдын төрт мезгилинин бири. Жайкы сезон. Сезонго ылайыктуу кийинүү. 2.Белгилүү бир нерсенин, иштин жүрүп турган, аракетте болгон же жетилип турган учуру, маалы.Сезондо жыйырма тонна пахта терип, Даңктанган теримчи кыз Шарапаткан (Абдыраманов).Курорттук сезон. Театрдын жаңы сезондогу оюндары.
1. Жылдын төрт мезгилинин бири. Жайкы сезон. Сезонго ылайыктуу кийинүү. 2. Белгилүү бир нерсенин, иштин жүрүп турган, аракетте болгон же жетилип турган учуру, маалы, ыңгайы. Сезондо жыйырма тонна пахта терип, Даңктанган теримчи кыз Шарапаткан (Абдыраманов). Курорттук сезон. Театрдын жаңы сезондогу оюндары.
МЕЗГИЛДҮҮ АЛЫМ – товарлардын ташылып кирүүсү менен ташылып чыгуусун ыкчам жөнгө салуу үчүн КР Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү бажы алымынын түрү. Ошону менен бирге, бажы тарифинде каралган бажы алымдарынын чени кодонулбайт. М. а-дын аракет мөөнөтү 6 айдан ашпоого тийиш.
МЕЗГИЛДҮҮ ЖУМУШЧУ – КРдеги жаратылыш жана табигый шарттарга байланыштуу 6 айлык мөөнөттөн ашпаган белгилүү бир мезгил аралыгында (мезгилдүү) жумушка алынгандар. М. ж-га эмгек жөнүндөгү мыйзамдар менен атайын мыйзам актыларында белгиленген ченемдер колдонулат. Мезгилдүү жумуштардын тизмеси КР Өкмөтү тарабынан бекитилет.