СЕЗ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Сезим органдары аркылуу бир нерсени туюу, байкоо. Дабышты сезет. Ысык-суукту сезет. 2. Түшүнүү, билүү, байкоо. Мамбеткул өз айыбын сезер менен Салык досу менен жарашкысы келди (Каимов). Энеси Жылдызканды карап, анын түрүн байкады. Эч кандай капалыктын шегин сезген жок (Байтемиров). Ыраактан сезип жүрөк аптабыңды, Аяздуу түндөрүндө бөтөн жердин (Байгазиев). Муну айлык тараткан күнү даана сезесиң (Усубалиев). Азыр да жытын сезем ошол нандын, Таппасмын андай нанды кыдырсам да (Байгазиев).