Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. I. Жылдын төрт мезгилинин бири. Жайкы сезон. Сезонго ылайыктуу кийинүү.
2. Белгилүү бир нерсенин, иштин жүрүп турган, аракетте болгон же жетилип турган учуру, маалы. Сезондо жыйырма тонна пахта терип, Даңктанган теримчи кыз Шарапаткан (Абдыраманов). Курорттук сезон. Театрдын жаңы сезондогу оюндары.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылдын төрт мезгилинин бири. Жайкы сезон. Сезонго ылайыктуу кийинүү. 2. Белгилүү бир нерсенин, иштин жүрүп турган, аракетте болгон же жетилип турган учуру, маалы, ыңгайы. Сезондо жыйырма тонна пахта терип, Даңктанган теримчи кыз Шарапаткан (Абдыраманов). Курорттук сезон. Театрдын жаңы сезондогу оюндары.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЕЗГИЛДҮҮ АЛЫМ – товарлардын ташылып кирүүсү менен ташылып чыгуусун ыкчам жөнгө салуу үчүн КР Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү бажы алымынын түрү. Ошону менен бирге, бажы тарифинде каралган бажы алымдарынын чени кодонулбайт. М. а-дын аракет мөөнөтү 6 айдан ашпоого тийиш.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЕЗГИЛДҮҮ ЖУМУШЧУ – КРдеги жаратылыш жана табигый шарттарга байланыштуу 6 айлык мөөнөттөн ашпаган белгилүү бир мезгил аралыгында (мезгилдүү) жумушка алынгандар. М. ж-га эмгек жөнүндөгү мыйзамдар менен атайын мыйзам актыларында белгиленген ченемдер колдонулат. Мезгилдүү жумуштардын тизмеси КР Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (соответствующий сезону) сезондуу, мезгилдүү, маалдуу;
сезонная работа сезондуу жумуш;
сезонный рабочий сезондуу жумушчу;
2. (годный на обозначенный срок) сезондук (бир сезонго жароочу);
сезонный билет сезондук билет.