Киргизско-русский словарь Юдахина
ряд; пласт; слой;
калктын кеңири катмарлары широкие слои населения;
катмары менен подряд, сряду, вместе;
катмары менен экини ыргыта коюп, бир сайып фольк. двоих подряд он швырнул и пронзил.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кат-кат, кабат, катар. Эгер жумшак катмарга кездешсе.. ураткан көмүрдү.. ташып үлгүрө алышпайт (Сасыкбаев). Катмары менен экини, Ыргыта коюп бир сайып («Эр Табылды»). Жерине шыдыр кетүүгө, Жети катмар бел келип (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин сырт жагын каптаган тышкы бөлүгү же калың массанын кат-кат болгон, кабатталган тилкеси, каты. Атмосферанын катмарлары. Муздун катмары. Тоо тектеринин катмары. Капкара болуп созулуп жаткан көмүр катмары абдан катуу (Сасыкбаев). 2. Социалдык, маданий же башка белгилери боюнча жалпылыгы бар, бирдей абалда, бирдей жалпылыкта болгон адамдар тобу, коомдун белгилүү бир бөлүктөн турган тобу. Коомдук интеллигенциянын катмары. Бул окуя калктын калың катмарына тез тарап кетти.