Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин сырт жагын каптаган тышкы бөлүгү же калың массанын кат-кат болгон, кабатталган тилкеси, каты. Атмосферанын катмарлары. Муздун катмары. Тоо тектеринин катмары. Капкара болуп созулуп жаткан көмүр катмары абдан катуу (Сасыкбаев). 2. Социалдык, маданий же башка белгилери боюнча жалпылыгы бар, бирдей абалда, бирдей жалпылыкта болгон адамдар тобу, коомдун белгилүү бир бөлүктөн турган тобу. Коомдук интеллигенциянын катмары. Бул окуя калктын калың катмарына тез тарап кетти.