Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. в разн. знач. бумага;
ак кагаз белая бумага;
кымбаттуу кагаздар ценные бумаги;
карыз кагаз уст. облигация займа;
кагаз акча или иногда кагаз теңге бумажные деньги, кредитный билет;
суу кагаз промокательная бумага;
иш кагаздары деловые бумаги;
кара кагаз южн. извещение о смерти, похоронная;
кагаз бетиндеги токтом постановление, оставшееся на бумаге;
2. разг. пачка;
кагаз-кагаз чай алып фольк. купив чаю пачками (много пачек).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жыгачтын, чүпүрөктүн ж. б. массасынан даярдалып, жазууга, басмада колдонууга, бетине сүрөт тартууга арналган материал.
  1. 2.                  Жазылган ар кандай документ, кат ж. б. Кагаз жазып бериңиз! Кагазың келсе жазылып, Кабагым ачып сүйүнөм (Акаев). [Назаров].. колуна берген кагазды кадала карап окуду (Убукеев).
  2. 3.                  Пачка, тоголок. [Куржундун] Бир көзүнөн эки кагаз чай, бир канча өрүк, мейиз, кант чыкты («Советтик Кыргызстан»).

¨ Суу кагаз сыяны өзүнө тартып алуучу кагаз; сыя соргуч, баскыч кагаз. Тез суу кагаз басып, сыяны ичирди (Сыдыкбеков). Кара кагазсүйл. өлгөндүгү жөнүндө билдирүү кагазы. Касымдын кара кагазы жарым ай мурда колхозго келген экен (Айтматов). Ал эми кара кагаз келгенде, аскерге кеткендерден ажырап бир күндө айылдын эки-үч жеринен өкүрүк, ый. чыгып жатты (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бетине жазууга, сүрөт тартууга, басмада колдонууга ылайыкталып, жыгачтын, ар кандай буланын ж. б. массасынан жасалган материал. Балдар аппак ватман кагазына чертёж сызып жатышты (Сасыкбаев). Баракча кагазды колуна жаза кармап, Сеитова алдыга өттү (Сыдыкбеков). Дубай салам кат жаздым, Кагаздын бетин толтуруп (Барпы). 2. Ушундай материалдын бетине жазылган ар кандай текст (кат, документ, кабар ж. б.). Назаров колуна берген кагазды окуду (Убукеев). Кагаз берип, кат алып, Өзүң сырттан кайтып кел («Эр Табылды»). Колуңда кагазың болбосо, сенин айткан кебиңе ким ишенсин («Чалкан»). Кагаз келде тап коргоого чакырып (Турусбеков). 2. Бир тоголок, бир пачка. Куржундун бир көзүнөн эки кагаз чай, бир канча өрүк мейиз, кант чыкты («Советтик Кыргызстан»).