КАГАЗ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бетине жазууга, сүрөт тартууга, басмада колдонууга ылайыкталып, жыгачтын, ар кандай буланын ж. б. массасынан жасалган материал. Балдар аппак ватман кагазына чертёж сызып жатышты (Сасыкбаев). Баракча кагазды колуна жаза кармап, Сеитова алдыга өттү (Сыдыкбеков). Дубай салам кат жаздым, Кагаздын бетин толтуруп (Барпы). 2. Ушундай материалдын бетине жазылган ар кандай текст (кат, документ, кабар ж. б.). Назаров колуна берген кагазды окуду (Убукеев). Кагаз берип, кат алып, Өзүң сырттан кайтып кел («Эр Табылды»). Колуңда кагазың болбосо, сенин айткан кебиңе ким ишенсин («Чалкан»). Кагаз келде тап коргоого чакырып (Турусбеков). 2. Бир тоголок, бир пачка. Куржундун бир көзүнөн эки кагаз чай, бир канча өрүк мейиз, кант чыкты («Советтик Кыргызстан»).