кагаз
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Жыгачтын, чүпүрөктүн ж. б. массасынан даярдалып, жазууга, басмада колдонууга, бетине сүрөт тартууга арналган материал.
¨ Суу кагаз — сыяны өзүнө тартып алуучу кагаз; сыя соргуч, баскыч кагаз. Тез суу кагаз басып, сыяны ичирди (Сыдыкбеков). Кара кагаз — сүйл. өлгөндүгү жөнүндө билдирүү кагазы. Касымдын кара кагазы жарым ай мурда колхозго келген экен (Айтматов). Ал эми кара кагаз келгенде, аскерге кеткендерден ажырап бир күндө айылдын эки-үч жеринен өкүрүк, ый. чыгып жатты (Айтматов).
- 2. Жазылган ар кандай документ, кат ж. б. Кагаз жазып бериңиз! Кагазың келсе жазылып, Кабагым ачып сүйүнөм (Акаев). [Назаров].. колуна берген кагазды кадала карап окуду (Убукеев).
- 3. Пачка, тоголок. [Куржундун] Бир көзүнөн эки кагаз чай, бир канча өрүк, мейиз, кант чыкты («Советтик Кыргызстан»).