зат.1. Ой жүргүзүүнүн жана коом менен жаратылыштын өнүгүшүнүн закондорун үйрөнүүнүн системасы. Айланайын өсөт чалгын канатың, Сен инженер билим кенин казасың (Турусбеков). Акыл — тозбогон тон, билим — түгөнбөгөн кен (макал). Илим — окуу булагы, билим — өмүр чырагы (макал).
2. Тийиштүү окуу жайы аркылуу бериле турган илимий маалымат. Жогорку билими бар адис.
1. Ой жүргүзүүнүн жана коом менен жаратылыштын өнүгүшүнүн закондорун үйрөнүүнүн системасы. Акыл – тозбогон тон, билим – түгөнбөгөн кен (макал). Илим – окуу булагы, билим – өмүр чырагы (макал). 2. Белгилүү окуу жайы аркылуу бериле турган илимий маалымат, илим. Орто билим. Жогорку билими бар адис.
БИЛИМ АЛУУГА УКУК – адамдын конституциялык абдан орчундуу социалдык укуктарынын бири, ал инсандын жана бүтүндөй коомдун өнүгүшү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт. Мексиканын 1917-жылдагы Конституциясынан тартып баардык өлкөлөрдүн негизги мыйзамдарында бекемделген, барган сайын бул укуктун мазмуну кеңейүүдө. Азыркы мезгилде демократиялык мамлекеттерде Б. а. у. кеңири маанисинде адатта төмөндөгү укуктарды камтыйт: мамлекеттик жана муниципиалдык мектептерде жана башка билим берүү мекемелеринде акысыз баштапкы же орто билим алуу; ата-эненин өз баласын окутуу таризин (диний, диний эмес) тандай алышы; окутуучулук эркиндиги; жеке менчик окуу жайларын уюштуруу. Көптөгөн конституцияларда Б. а. у. ата-энелердин (же аларды алмаштырган адамдардын) өз балдарынын баштапкы (же жалпы негиздеги) билим алуусун камсыз кылууга милдеттүүлүгү менен бекемделген. КРде Б. а. у. Конституцияда бекемделген.
Knowledge Base / KB (proper noun) A Microsoft Web site that provides customers with access to a database of articles written by Microsoft Support professionals.
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖҮРҮМҮ – мугалимдердин түздөнтүз катышуусу менен өтүүчү жана окуучулардын өзалдынча окуусу сындуу сабактар, ошондой эле окуучулар менен бүтүрүүчүлөрдү сынак ж. б. аттестациянын түрлөрү аркылуу тарбиялоо менен окутуунун уюштурулган жүрүмү. Ал билим программалары Б. б. ж. аркылуу жүзөгө ашырылат.
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖҮРҮМҮНҮН КАТЫШУУЧУЛАРЫ – окуучулар (тарбиялануучулар), мугалимдер, билим берүү уюмунун окутуу-жардамдашуу жана башкаруу кызматкерлери, окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөр).
БИЛИМ БЕРҮҮ, ИЛИМ ЖАНА МАДАНИЯТ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (ЮНЕСКО) – өкмөттөр аралык уюм, БУУнун адистештирилген мекемеси. 1946-жылы негизделген. ЮНЕСКОнун максаттары: билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы эларалык кызматташтыкты колдоо аркылуу тынчтык жана коопсуздук ишине салым кошуу; БУУнун Уставына ылайык расасына, жынысына, тилине жана динине карабастан адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу. 2005-жылы 188 мамлекет ЮНЕСКОнун мүчөсү болушкан. КР ЮНЕСКОнун курамына 1992-жылдын 2-июнунда кирген.
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТҮПКҮ МАКСАТЫ (билим берүүнү өркүндөтүүнүн түпкү максаты) – бирдиктүү социалдык институт катары билим берүү тутумун өркүндөтүүнүн багыты менен туткан максаты.
БИЛИМ БЕРҮҮ ТУТУМУ – өзара аракеттенишүүчү жана бири-бирин улоочу билим берүү программаларынын жана аркыл деңгээлдеги жана багыттагы мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, аларды жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын жана жактардын, ошондой эле билим берүү тармагын, ага кирген мекеме, уюм, ишканалардын башкаруу органдарынын жыйындысы.
знающий, сведущий; учёный, образованный; билимдүү болмок оңой, адам болмок кыйын погов. знающим стать легко, человеком стать трудно; билимдүүгө дүйнө жарык погов. учёному мир светел; билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин ириңи жугат погов. от учёного прилипает знание, а от неуча - пакость.
сын.1. Билими бар, катсабаттуу, маалыматтуу. Билбегенди билдирген, Билимдүүнүн баары бар («Манас»). Уул, кыз окуп билимдүү, Өз өлкөсүн башкарган (Осмонкул).
2. Аркы-беркини түшүнгөн, адамгерчилиги бар, турмушту билген; зээндүү. Агатуугандын ичинен аркы-беркини түшүнгөн билимдүү кишиси эле Ормонбек («Ала-Тоо»).
1. Билими бар, окуган, маалыматтуу. Мугалимдердин теңме-теңи жогорку билимдүү (Сыдыкбеков). 2. Аркы-беркини түшүнгөн, акыл-эстүү, билгиликтүү. Билимдүү чубак муну айтты, Билгенин кургур куп айтты («Манас»).
1. Билими, маалыматы бардык. Мугалимдердин кадыры, анын билимдүүлүгүнө байланыштуу («Мугалимдерге жардам»). 2. Акыл-эстүүлүк, жөн билгилик. Билимдүүлүк жайы бар.
билимпаз, билимпоз кирг.- ир. учёный, деятель науки; билимпаздын адаты: терең ойлоп, тез айтмак стих. обыкновение учёного: долго (букв. глубоко) подумав, быстро сказать.
1. Аркы-беркини түшүнбөгөн, билгиликтүү эмес, жөн билги эмес. Билимдүү менен билимсиз Акылынан билинген (Осмонкул). 2. Билими жок, сабатсыз, окубаган. Билимсиздер канча кайрат кылса да, Көрсөтпөсө көп сырларды биле албайт (Токомбаев).
БИЛИМ СТАНДАРТЫ – негизги билим программа мазмундарынын төмөнкү билим берүү деңгээлин аныктай турган ченемдер менен эрежелердин жыйындысы, бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун, окуучуларга жүктөм чегинин базалык талабы.
БИЛИМ ЧЕНТАЛАБЫ – белгилүү бир билим деңгээлине ээ болгон (тийиштүү документтер аркылуу бекемделген) жарандарга гана шайлоо укугун (жигердүү же солгун) бере турган мыйзам талабы.