билимпоз Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Билимдүү, илимдүү, окумуштуу. Жумушчум илимпоз болсун, Колхозчум билимпоз болсун (Осмонов). Күмүштөй чачы агарган, Билимпоз ачты барагын («Таалай жомогу»).
БИЛИМПОЗ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Окумуштуу, илимдүү, билимдүү. Элибизде баары болду болбогон. Акын, доктор, билимпоздор ондогон (Токомбаев).