Киргизско-русский словарь Юдахина
знающий, сведущий; учёный, образованный;
билимдүү болмок оңой, адам болмок кыйын погов. знающим стать легко, человеком стать трудно;
билимдүүгө дүйнө жарык погов. учёному мир светел;
билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин ириңи жугат погов. от учёного прилипает знание, а от неуча - пакость.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Билими бар, катсабаттуу, маалыматтуу. Билбегенди билдирген, Билимдүүнүн баары бар («Манас»). Уул, кыз окуп билимдүү, Өз өлкөсүн башкарган (Осмонкул).
2. Аркы-беркини түшүнгөн, адамгерчилиги бар, турмушту билген; зээндүү. Агатуугандын ичинен аркы-беркини түшүнгөн билимдүү кишиси эле Ормонбек («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Билими бар, окуган, маалыматтуу. Мугалимдердин теңме-теңи жогорку билимдүү (Сыдыкбеков). 2. Аркы-беркини түшүнгөн, акыл-эстүү, билгиликтүү. Билимдүү чубак муну айтты, Билгенин кургур куп айтты («Манас»).