Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Арноо. Акыркы сөзүн [ Васильев].. үчөөнө багыштаганы даана эле билинди (Бейшеналиев).
  1. 2.                  дин. Атоо, арнап мал союу, куран окутуу. Этти жеп, атактуу чабандастын арбагына багыштап, чын ыклас менен бата бердик (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
багышта- I.
посвящать; приносить в дар;
Улуу Октябрге багыштап посвящая Великому Октябрю;
2. приносить в жертву;
атасына багыштап, мал сойду он зарезал животное на помин души своего отца;
...-га денеңди багыштадыңбы? вручаешь ли себя такому-то (такой-то) ? (стереотипный вопрос муллы брачущимся о согласии на брак);
...-га багыштап куран оку читать коран по умершему.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Арноо. Жума Женяны сүйүп, бүт өмүрүн багыштап жүргөн (Каимов). Акыркы сөзүн Васильев үчөөнө багыштаганы даана эле билинди (Бейшеналиев). 2. дин. Арнап мал союу, куран окутуу же кандайдыр бир максатка арнагандыгын атап белгилөө. Ак боз бээни соёлу, Манастын арбагына багыштап («Манас»). Этти жеп, атактуу чабендестин арбагына багыштап чын ыклас менен бата бердик (Абдукаримов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилиндеги багышта этиши «1) посвящать, приносить в дар; 2) приносить в жертву» болуп которулат (К. К. Юдахин, 92). Бул этиш байыркы түрк эстеликтеринде багышла түрүндө болгон (ДТС, 78). Иран тилдеринин тобуна кирген тажик тилинде бахшидан этишинин учур чактагы формасы бахш болот, ал кыргыз тилиндегидей маани берет. Мына ушул бахш формасы негиз болуп алынып, ага этиш жасоочу -ла мүчөсү уланып, багышта этиши келип чыгышы мүмкүн. Кыргыз тилиндеги каала этиши да ушундайча пайда болгон (караңыз каала).