БАГЫШТА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Арноо. Жума Женяны сүйүп, бүт өмүрүн багыштап жүргөн (Каимов). Акыркы сөзүн Васильев үчөөнө багыштаганы даана эле билинди (Бейшеналиев). 2. дин. Арнап мал союу, куран окутуу же кандайдыр бир максатка арнагандыгын атап белгилөө. Ак боз бээни соёлу, Манастын арбагына багыштап («Манас»). Этти жеп, атактуу чабендестин арбагына багыштап чын ыклас менен бата бердик (Абдукаримов).