БАГЫШТА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргыз тилиндеги багышта этиши «1) посвящать, приносить в дар; 2) приносить в жертву» болуп которулат (К. К. Юдахин, 92). Бул этиш байыркы түрк эстеликтеринде багышла түрүндө болгон (ДТС, 78). Иран тилдеринин тобуна кирген тажик тилинде бахшидан этишинин учур чактагы формасы бахш болот, ал кыргыз тилиндегидей маани берет. Мына ушул бахш формасы негиз болуп алынып, ага этиш жасоочу -ла мүчөсү уланып, багышта этиши келип чыгышы мүмкүн. Кыргыз тилиндеги каала этиши да ушундайча пайда болгон (караңыз каала).