Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. беседа, разговоры;
калаада эмине аңгеме бар? какие разговоры в городе? что нового в городе?
аңгеме сал-
1) беседовать, вести беседу;
2) перен. учинить разгром; задать жару;
2. рассказ о былом;
азыркы кепти ташташып, аңгемени башташып фольк. бросив разговоры о настоящем, они начали говорить о былом;
3. (в некоторых местах) серьёзная беседа солидных мужчин;
4. лит. рассказ;
аңгеме дүкөн сал- см. дүкөн.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кандайдыр бир жаңылык, окуя ж. б. жөнүндө айтылган сөз, сүйлөшүү. [Кычан].. агайынын аңгемесин кунтун коюп укту (Бейшеналиев). Акбар саанчылыкка дайындалгандар менен аңгеме өткөрүш үчүн келип отурган эле (Убукеев).
  1. 2.                  өт. Окуя; болгон жаңылык, кабар. Алмамбет, Сыргак эрдигин Аңгемесин карап ал («Манас»). Айылда кандай аңгемелер бар, айта отур.
  2. 3.                  ад. Каармандын турмушундагы кандайдыр бир окуя жөнүндө жазылган анчалык чоң эмес чыгарма.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чогулуш, топ, жыйын. 2. Маек, сыр чечишип сүйлөшүү. Эки карыя аркы-беркини айтышып, аңгемелешип көпкө отурушту. 3. өт. Чыр, чатак, калаба. Айтканына көнбөсөк, Азыр салат аңгеме («Манас» С. К.). 4. Кандайдыр бир окуянын, болгон жаңылыктын баяндамасы. Чоң эне аңгемесин улантты (Сыдыкбеков). Сакалы жайкалып, сымбаты келишкен жылуу түрү менен жанындагы ырчыларга аңгеме айтып отурду (Тоголок Молдо). 5. Ар нерселер жөнүндөгү кабар. Алмамбет, Сыргак эрдигин Аңгемесин карап ал («Манас»). Айылда эмне аңгеме бар экенин угуп келгендирсиң, айта отур («Ала-Тоо»). 6. адаб. Кандайдыр бир окуя жөнүндө жазылган, көлөмү анчалык чоң эмес адабий чыгарма. Аңгемелер жыйнагы. Кыргыз жазуучуларынын аңгемелери.