Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кандайдыр бир жаңылык, окуя ж. б. жөнүндө айтылган сөз, сүйлөшүү. [Кычан].. агайынын аңгемесин кунтун коюп укту (Бейшеналиев). Акбар саанчылыкка дайындалгандар менен аңгеме өткөрүш үчүн келип отурган эле (Убукеев).
  1. 2.                  өт. Окуя; болгон жаңылык, кабар. Алмамбет, Сыргак эрдигин Аңгемесин карап ал («Манас»). Айылда кандай аңгемелер бар, айта отур.
  2. 3.                  ад. Каармандын турмушундагы кандайдыр бир окуя жөнүндө жазылган анчалык чоң эмес чыгарма.