АҢГЕМЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Чогулуш, топ, жыйын. 2. Маек, сыр чечишип сүйлөшүү. Эки карыя аркы-беркини айтышып, аңгемелешип көпкө отурушту. 3. өт. Чыр, чатак, калаба. Айтканына көнбөсөк, Азыр салат аңгеме («Манас» С. К.). 4. Кандайдыр бир окуянын, болгон жаңылыктын баяндамасы. Чоң эне аңгемесин улантты (Сыдыкбеков). Сакалы жайкалып, сымбаты келишкен жылуу түрү менен жанындагы ырчыларга аңгеме айтып отурду (Тоголок Молдо). 5. Ар нерселер жөнүндөгү кабар. Алмамбет, Сыргак эрдигин Аңгемесин карап ал («Манас»). Айылда эмне аңгеме бар экенин угуп келгендирсиң, айта отур («Ала-Тоо»). 6. адаб. Кандайдыр бир окуя жөнүндө жазылган, көлөмү анчалык чоң эмес адабий чыгарма. Аңгемелер жыйнагы. Кыргыз жазуучуларынын аңгемелери.