Киргизско-русский словарь Юдахина
дорогая попона с украшениями;
алтын, күмүш, абайы - кыз келиндин үртүгү стих. (при перекочёвке) попона (на коне для) девушек и молодух из материи абайы (см.), украшенная золотом и серебром.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Кооздолгон кымбат ат жабуу, адатта аттын соорусуна эле эмес, атка бүтүндөй жабылган. Алтын, күмүш, абайы – кыз-келиндин үртүгү (фольклор). Бул сөздүн төркүнү – байыркы түрк тилиндеги өрт- «жап» деген этиш. Анын туундусу өртүк ошол учурда эле жабуу маанисинде колдонулган (ДТС 1969:391). Өрт- этиши түрк тилдеринин огуз тобунда азыр да колдонулат.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Абайы үртүк, ак быштан, Аргымак аттар көрүнөт» («Манас»). Бул — ат жабуунун адими түрү. Бул — аш-тойлордо байгеге чабылуучу белгилүү жорголорду, кулүктөрдү жана каркыралуу көч баштаган кыз-келиндердин мингендерин кол жеткиздей кооздоо. Үртүктүк жип көбүнчө ичке ийрилет. Ал терме, беш кеште, кажары түрүндө да согулат. Кымбат жердиктен (нооту, абайыдан да) тандалат. «Абайылап жасалган, кыз-келиндин үртүгү» — деп айтылат. Аттын моюнун, көкүрөгүн ороп, капталын жана соорусун жаап, ичи жука кийиз аркылуу ичтелип, чети учкул кыялы аркылуу укмуштай саймаланат да, жээктери төкмө чачыланат. «Аттарынын баарысы, үртүк менен жабылган» («Курманбек»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Кооздоп жасалган ат жабуу» маанисин билдирген үртүк сөзү үрт+үк бөлүктөрүнөн турат. Мунун үрт уңгусу азыркы кыргыз тилинде унутулуп калган. Ал сөз башка түрк тилдеринде «жап» маанисинде азыр да айтылат. Мисалы: турцияча өрт, татарча өрт, азербайжанча өрт, караимче өрт, чувашча вит, түркмөнчө өрт. Үрт уңгусуна этиштен зат атооч жасоочу -ык мүчөсү уланып, үртүк сөзү келип чыккан. Бул сөз «жап» деген сөздөн жабык сөзү жаралганга абдан окшоп кетет. Бирок «жапкыч, жабуу» маанисинде колдонулуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жасалгаланган, кооздолгон ат жабуу. Үртүк, адатта, аттын соорусуна жабылуучу ат жабуу эмес, атка толук кийгизилген кооз жабуу катары түшүнүлөт. Кээде үртүк маанисинде минген аттын көкүлүнө, чокусуна тагылган, сайылып коюлган үкүнүн жүнү – канаты да айтыла берет. Абайы үртүк, ат жабдык («Манас» С. О.). Аттарынын баарысы, Үртүк менен жабылуу Күмүш эшик, жез үртүк, Бул калаа кандын коргону («Курманбек»).