үртүк
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыКооздолгон кымбат ат жабуу, адатта аттын соорусуна эле эмес, атка бүтүндөй жабылган. Алтын, күмүш, абайы – кыз-келиндин үртүгү (фольклор). Бул сөздүн төркүнү – байыркы түрк тилиндеги өрт- «жап» деген этиш. Анын туундусу өртүк ошол учурда эле жабуу маанисинде колдонулган (ДТС 1969:391). Өрт- этиши түрк тилдеринин огуз тобунда азыр да колдонулат.