Iэтиш. Мурда оюнда болгон, көргөн-билген, сезимде бар нерселерди, окуяларды ж. б. ойго келтирүү, эске салуу, эске түшүрүү. Алыста жүрсөм дагы эстейм, гүлүм, Сайрасам булбул болуп жетер үнүм (Шимеев). Туулган, тууган жерди эстеп, Капа болуп айттым да (Токтогул). Калың кыргыз элди эстеп, Качкандагы кербезим (Токтогул).
ЭСТЕIIэтиш. Уйкусу чала болгондо, уйкусураганда, чарчаганда, талыкшыганда ж. б. эрксизден оозду кең ачып, терең дем алуу. Түлкүбек оозун ачып, кериле эстеди (Жантөшев).
эсте- I помнить, вспоминать; сен унутуп калдыңбы? эми эстедиңби? ты забыл? теперь вспомнил? ал мени деги эстээр бекен? вспомнит ли он меня когда-нибудь? өткөндү эстеп по старой памяти, вспомнив старинку; эстеп кой заметь; возьми себе на заметку. эсте- II позёвывать; оозун чоң ачып, эстеп койду он зевнул, широко открыв рот.
Мурда оюнда болгон, көргөн-билген, сезимде бар нерселерди, окуяларды ж. б. ойго келтирүү, эске салуу, эске түшүрүү. Эл чинде жүргөндү Эстесе көңүл эсирген (Казыбек). Алыста жүрсөм дагы эстейм, гүлүм, Сайрасам булбул болуп жетер үнүм (Шимеев). Туулган, тууган жерди эстеп, Капа болуп айттым да (Токтогул). Калың кыргыз элди эстеп, Качкандагы кербезим (Токтогул).
Уйкусу чала болгондо, уйкусураганда, чарчаганда, талыкшыганда ж. б. эрксизден оозду кең ачып, терең дем алуу. Түлкүбек оозун ачып, кериле эстеди (Жантөшев).
зат.1. Көрүнүктүү адамдарга курулган скульптуралык же архитектуралык имарат, сүрөт ж. б. В. И. Лениндин эстелиги. Элиң сага эстелигин тургузду, Өзүң сүйгөн кыргыз тоонун ташынан (Үмөталиев).
2. Өткөндөгү материалдык маданияттын, эски жазуулардын, чыгармалардын ж. б. сакталып келаткан үлгүлөрү, калдыктары. Архитектуралык эстеликтер. Орхон-Енисей эстеликтери. 3. Эстөө, эсте сактоо, унутпай ойго алып жүрүү үчүн сактала турган ар кандай нерселер, окуялар, эскерме. Тарыхтан тамчы чын элес, Бул китеп элге эстелик (Аалы). Эстелик үчүн сүрөткө түшүп коёлук («Ала-Тоо»).
1. Көрүнүктүү адамдарга курулган скульптуралык же архитектуралык имарат, сүрөт ж. б. Элиң сага эстелигин тургузду, Өзүң сүйгөн кыргыз тоонун ташынан (Үмөталиев). 2. Өткөндөгү материалдык маданияттын, эски жазуулардын, чыгармалардын ж. б. сакталып келаткан үлгүлөрү, калдыктары. Архитектуралык эстеликтер. Орхон-Енисей эстеликтери. 3. Эстөө, эсте сактоо, унутпай ойго алып жүрүү үчүн сактала турган ар кандай нерселер, окуялар, эскерме. Тарыхтан тамчы чын элес, Бул китеп элге эстелик (Токомбаев). Эстелик үчүн сүрөткө түшүп коёлук («Ала-Тоо»).
ЭСТЕЛИК ТЫЙЫНДАР – даярдалуусуна баалуу материалдар (көбүнесе баалуу металлдар) пайдаланылып, татаал технологиялар жана кага өзгөчө касиеттер берилүүчү жана көркөм жасалгалоонун усулдары менен жасалуучу, өз баасы боюнча төлөм каражаты катары жүгүртүүгө, ошондой эле чогултуу менен инвестициялоо буюмзаты катары колдонууга мүмкүнчүлүк берүүчү атайын чегеленген маарекелик, инветициялык ж. б. тыйындар.
м.иск. эстетизм (реалциялык буржуазиялык искусстводо - "искусство искусство үчүн", таза искусство дешип, искусствону чындыктан ажыратууга, элге жат кылып көрсөтүүгө аракет кылуучулук).
зат.1. Искусство жөнүндөгү, көркөм чыгармачылыктагы, жаратылыштагы, турмуштагы сулуулуктун, көркөмдүктүн формалары жөнүндөгү философиялык окуу. Марксисттик эстетика. 2. Кимдир бирөөнүн искусствого же анын кандайдыр бир түрүнө карата болгон көз карашынын системасы. Чернышевскийдин эстетикасы.
ж. эстетика (1. филос. искусство жана көркөм чыгармачылык жөнүндөгү окуу; искусствонун өнүгүү законун, анын идеялык мазмунун көркөмдүк формасын жана анын таптык күрөштөгү коомдук ролун изилдейт; 2. бирөөнүн искусствого көз караш системасы).
1. Искусство жөнүндөгү, көркөм чыгармачылыктагы, жаратылыштагы, турмуштагы сулуулуктун, көркөмдүктүн формалары жөнүндөгү философиялык окуу. 2. Кимдир бирөөнүн искусствого же анын кандайдыр бир түрүнө карата болгон көз карашынын системасы. Айтматовдун эстетикасы.
взаимн. отэсте- I помнить или вспоминать друг друга; совместно вспоминать; эмчекти бирге эмишкен, эстешип бирге жүрүшкөн фольк. грудь они сосали вместе, жили они вместе, справляясь друг о друге.