ЭСТЕ І
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Мурда оюнда болгон, көргөн-билген, сезимде бар нерселерди, окуяларды ж. б. ойго келтирүү, эске салуу, эске түшүрүү. Эл чинде жүргөндү Эстесе көңүл эсирген (Казыбек). Алыста жүрсөм дагы эстейм, гүлүм, Сайрасам булбул болуп жетер үнүм (Шимеев). Туулган, тууган жерди эстеп, Капа болуп айттым да (Токтогул). Калың кыргыз элди эстеп, Качкандагы кербезим (Токтогул).