ЭСТЕЛИК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Көрүнүктүү адамдарга курулган скульптуралык же архитектуралык имарат, сүрөт ж. б. Элиң сага эстелигин тургузду, Өзүң сүйгөн кыргыз тоонун ташынан (Үмөталиев). 2. Өткөндөгү материалдык маданияттын, эски жазуулардын, чыгармалардын ж. б. сакталып келаткан үлгүлөрү, калдыктары. Архитектуралык эстеликтер. Орхон-Енисей эстеликтери. 3. Эстөө, эсте сактоо, унутпай ойго алып жүрүү үчүн сактала турган ар кандай нерселер, окуялар, эскерме. Тарыхтан тамчы чын элес, Бул китеп элге эстелик (Токомбаев). Эстелик үчүн сүрөткө түшүп коёлук («Ала-Тоо»).