Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Искусство жөнүндөгү, көркөм чыгармачылыктагы, жаратылыштагы, турмуштагы сулуулуктун, көркөмдүктүн формалары жөнүндөгү философиялык окуу. Марксисттик эстетика.
2. Кимдир бирөөнүн искусствого же анын кандайдыр бир түрүнө карата болгон көз карашынын системасы. Чернышевскийдин эстетикасы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
эстетика (1. филос. искусство жана көркөм чыгармачылык жөнүндөгү окуу; искусствонун өнүгүү законун, анын идеялык мазмунун көркөмдүк формасын жана анын таптык күрөштөгү коомдук ролун изилдейт; 2. бирөөнүн искусствого көз караш системасы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Искусство жөнүндөгү, көркөм чыгармачылыктагы, жаратылыштагы, турмуштагы сулуулуктун, көркөмдүктүн формалары жөнүндөгү философиялык окуу. 2. Кимдир бирөөнүн искусствого же анын кандайдыр бир түрүнө карата болгон көз карашынын системасы. Айтматовдун эстетикасы.