Киргизско-русский словарь Юдахина
1. мышь;
сокур чычкан слепыш (зверёк);
арыс чычкан горностай;
сары чычкан суслик;
тыйын чычкан белка;
момолой чычкан крот;
мен турганда бу жерде той-аш үчүн чычкан мурду канабайт при мне здесь для пиров и поминок не будет зарезано ни одной скотины (букв. морда мыши не окровавится);
бир байдын журтун эки чычкан талашат погов. старое пепелище бая оспаривают друг у друга две мыши (когда два человека заводят тяжбу из-за пустяков);
чычкан изи
1) след мыши;
2) перен. название вышивного узора;
2. год мыши (см. жыл I 2);
чычканга кебек алдырбаган скупой хитрец (такой, что мыши не позволит отрубей украсть);
көк чычканы бар или кара чычканы бар (о человеке) незадачливый.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Тумшугу ичкерээк келген, узун куйруктуу, көбүнчө боз түстөгү кемирүүчү жандык. Карышкырды сынасаң улак байлап кой, чычканды сынасаң каптагы унга капкан салып кой (Жантөшев).
2. Эски эсеп боюнча айбандардын атынан түзүлгөн он эки жылдык жыл эсебинин биринчи жылынын аты. Чычкан жылы. Арс чычкан же арыс чычкан — жүнү ак, куйругунун учу кара, териси баалуу анча чоң эмес жырткыч жандык. Козунун чоңдугу арс чычкандай эле (Баялинов). Тыйын чычкан к. тыйын. Чычкан мурду жоргологус — калың, өтө жыш, чытырман. ..Майда бүчүрлөр бири-бирине чырмалышып, чычкан мурду жоргологус болуп бүтөлүп калган («Ала-Тоо»). Чычкан мурдун канатпоо — эч нерсе сойбоо; кан чыгарбоо. Таптатынакай кызын узатып жатып,.. чычкан мурдун канатып койбоптур а! (Абдукаримов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түркчө сычкан аталган сөз өзбекче да сычкан болсо, казакча тышкан, кыргызча чычкан болуп айтылат. Э. В. Севортян бул сөздү чыч «жылт коюу» деген этишке -кан мүчөсү жалгануудан келип чыккан деп эсептейт (Севортян, 1, 41). Биздии оюбузча, булардын ичинен казакча тышкан дегени алгачкысына жакын формасы деп эсептөөгө болот. Анын тыш уңгусу байыркы түрктилинде «тиш» дегенди билдирген, -ган – «жаныбар» деген маани билдирген мүчө. Ошондо байыркы тышкан сөзү «тиштүү жаныбар» дегенге жакын маани берген сөз болуп чыгат. Кийин ошол тышкан сөзүнүн т тыбышы ч тыбышына жана с тыбышына, ш тыбышы ч тыбышына алмашуудан чычкан, сычкан варианттары келип чыккан. Мындай аты чычкан тиши менен капты, терини тешип кетишине байланышту болуу керек.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан зыкым, аябагандай сараң, өтө сак. Чычканга кебек алдырбаган немелерди качанга чейин имерчиктейбиз, баары бир булардан эч нерсе чыкпайт (Ш.Үмөталиев). Чычканга кебек алдырбаган зыкым байлар ушу сууну да бизге ыраа көрбөй, колунан келсе булак башына таш бастырып, мөңгүдөн кулаган сууну бөгөп, пулга алмаштыргандан кайра тартышпайт го (Матисаков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тумшугу ичкерээк келген, узун куйруктуу, көбүнчө боз түстөгү кемирүүчү жандык. Карышкырды сынасаң улак байлап кой, чычканды сынасаң каптагы унга капкан салып кой (Жантөшев). 2. Эски эсеп боюнча айбандардын атынан түзүлгөн он эки жылдык жыл эсебинин биринчи жылынын аты. Чычкан жылы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан калың, өтө жыш, чытырман. Бир туруп ал чычкан мурду жоргологус бадал этегин көбөөлөгөн токойго барат (Медетов). Майда бүчүрлөр бири-бирине чырмалышып, чычкан мурду жоргологус болуп бүтөлүп калган («Ала-Тоо»). В.: Чычкан мурду жөргөлөгүс. Ал беш квадрат километр жердеги чычкан мурду жөргөлөгүс чытырман токой, таш жана кумдуу жээкте турат («Кыргызстан маданияты»). Чычкан мурду өткүс. Көк жашыл, чычкан мурду өткүс жыш бадал (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч мал сойбоо, түк эт көрбөө, кан чыгарбоо. Борбордогу окуудан балдарың келип отурса, чычкан мурдун канатпасаң уят эмеспи (Бейшеналиев). Кызын узатып жатып, чычкан мурдун канатып койбоптур (Абдукаримов). Короодо малы толуп турса да чычкан мурдун канатып көргөн жан эмес («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мал сойбоо, түк эт көрбөө, кан чыгарбоо. Борбордогу окуудан балдарың келип отурса, чычкан мурдун канатпасаң уят эмеспи (Бейшеналиев). Кызын узатып жатып, чычкан мурдун канатып койбоптур (Абдукаримов). Короодо малы толуп турса да чычкан мурдун канатып көргөн жан эмес («Ала-Тоо»).