зат.1. Курулуштардын, имараттардын атмосфералык кубулуштардан сактай турган үстүнкү бөлүгү. [Жамгырдан] үйдүн чатыры дабырап турду (Сыдыкбеков).
2. Брезенттен, ак матадан ж. б. жасалып, төрт бурчунан керип коюлуучу, көбүнчө жайында колдонула турган жеңил үй. Жайкы күн.. эрке Ысык-Көл толкуп жатыр, Боюна жоокерлер тиккен чатыр (Маликов).
♦Колчатыр — жайылып-жазыла турган бөлүгү материя менен капталып сабынын баш жагына орнотулган, жаандан, күндөн сактануу үчүн колдонулуучу калканч. Кыз үйгө кирип, чемоданы менен кол чатырын үйгө койду.. (Сыдыкбеков).
ЧАТЫРIIтуур. Кандайдыр бир нерсе сынып, жарылып же от чартылдап күйүп бараткандагыдай чыккан үндү же дабышты билдирүү же ошого салыштыра көрсөтүү үчүн колдонулат. Чатыр чатыр чатырады, Жалпы күйүп жанжагы (Бөкөнбаев). Согуш кабары чатыр этип асманды тең жарып өткөн чагылгандай тараган (Сыдыкбеков).
1. трещать, тарахтеть; карагай отун чатырап күйөт еловые дрова горят с треском; 2. перен. быть бодрым, жизнерадостным; чаалыкканы билинбей, чатырай басып барышты фольк. утомления в них не заметно, пошли они бодро; чатырап толуп турган кези время, когда кто-либо находится в полном расцвете (физически, материально, по общественному положению).
1. Он төрт ак, он төрт кара таш менен алды-артына жылып, дойбу сымал ойнолгон оюндун аты. Чатыраш ойноп даң салып («Манас» С. К.). Эргип ордо салышып, Чатыраш ойноп чатырап («Манас»). Чатыраш болсун ар үйдө, Коноктор оюн ойносун («Эл адабияты»). 2. диал. Суу жээгине, чайларга өсө турган ичке бутактуу, барпагай жалбырактуу өсүмдүк.
1. Курулуштардын, имараттардын үстүнкү бөлүгү. Жамгырдан үйдүн чатыры дабырап турду (Сыдыкбеков). 2. Таардан, калың матадан ж. б. жасалып, төрт бурчунан керип коюлуучу, көбүнчө жайында колдонула турган жеңил үй. Жайкы күн... эрке Ысык-Көл толкуп жатыр, Боюна жоокерлер тиккен чатыр (Маликов).
Кандайдыр бир нерсе сынып, жарылып же от чартылдап күйүп бараткандагыдай чыккан үндү же дабышты билдирүү же ошого салыштыра көрсөтүү үчүн колдонулат. Чатыр-чатыр чатырады, Жалпы күйүп жан-жагы (Бөкөнбаев). Согуш кабары, чатыр этип асманды тең жарып өткөн чагылгандай тараган (Сыдыкбеков).