этиш. 1. Чатыр-чутур, чарт-чурт эткен дабыш чыгаруу, чартылдоо. Күн күркүрөп, чарт-чурт этип чатырап (Осмонов). Чатырап муздар сынса да, Катуулап бороон турса да.. (Бөкөнбаев). Арчалардын куу шактары жалын чыгарып, чатырай баштады (Абдукаримов).
2. Дүрбөй түшүү, жапырт дүрбөө, туш-тушка таралуу. Карышкырды көргөн койлор чатырап үркүп-үркүп жөнөдү (Жантөшев).
3. Тарсайып, чыңалып чыгуу, чыңалып толуп чыгуу. Семиргенде чатырап, Эмчеги жерге салаңдайт (Осмонкул).
4. өт. Дүркүрөп өсүү, көбөйүү, жапырт өсүү, мыкты өркүндөгөн абалда болуу. Чатырап колхоз, совхоз чарбаларың, Көбөйсүн төрт түлүгүң аман төлдөп (Үсөнбаев).
1. трещать, тарахтеть;
карагай отун чатырап күйөт еловые дрова горят с треском;
2. перен. быть бодрым, жизнерадостным;
чаалыкканы билинбей, чатырай басып барышты фольк. утомления в них не заметно, пошли они бодро;
чатырап толуп турган кези время, когда кто-либо находится в полном расцвете (физически, материально, по общественному положению).
1. Чатыр-чутур, чарт-чурт эткен дабыш чыгаруу, чартылдоо. Үй ысыта, темир меште от жагып, Как кургаган жыгач күйөт чатырап (Акматбекова). Күн күркүрөп, чарт-чурт этип чатырап (Осмонов). Чатырап муздар сынса да, Катуулап бороон турса да (Бөкөнбаев). Арчалардын куу шактары жалын чыгарып, чатырай баштады (Абдукаримов). 2. Дүрбөй түшүү, жапырт дүрбөө, туш-тушка таралуу. Карышкырды көргөн койлор чатырап үркүп-үркүп жөнөдү (Жантөшев). 3. Тарсайып, чыңалып чыгуу, чыңалып толуп чыгуу. Семиргенде чатырап, Эмчеги жерге салаңдайт (Осмонкул). 4. өт. Дүркүрөп өсүү, көбөйүү, жапырт өсүү, мыкты, өркүндөгөн абалда болуу. Чатырап колхоз, совхоз чарбаларың, Көбөйсүн төрт түлүгүң аман төлдөп (Үсөнбаев).
иметь великолепный вид, блистать;
чатырайган ак үй великолепная белая юрта;
чатырайган киши человек в роскошной одежде, имеющий важную осанку.
чатырай-, чатыраюу, чатыраят
Көрүнүшү толук, токтомдуу болуп туруу. Алыстан ак боз үй чатырайып капкайдан көрүнүп тураар эле (Үсөнбаев). Чатырайган ак үй.
понуд. от чатыра-;
түнү, күнү жол жүрүп, чатырата мол жүрүп фольк. ехал он день и ночь, ехал быстро и долго.
чатыра этишинин аркылуу мамилеси.
ир.
шахматы;
чатыраш ойно- фольк. играть в шахматы.
зат. эс. Өзүнө тиешелүү эрежелери бар шахмат оюну, шахмат. Эргип ордо салышып, Чатыраш ойноп чатырап («Манас»).
чатыраш (шахмат) (эск.)
чатыраш ойноо
1. Он төрт ак, он төрт кара таш менен алды-артына жылып, дойбу сымал ойнолгон оюндун аты. Чатыраш ойноп даң салып («Манас» С. К.). Эргип ордо салышып, Чатыраш ойноп чатырап («Манас»). Чатыраш болсун ар үйдө, Коноктор оюн ойносун («Эл адабияты»). 2. диал. Суу жээгине, чайларга өсө турган ичке бутактуу, барпагай жалбырактуу өсүмдүк.