Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Он төрт ак, он төрт кара таш менен алды-артына жылып, дойбу сымал ойнолгон оюндун аты. Чатыраш ойноп даң салып («Манас» С. К.). Эргип ордо салышып, Чатыраш ойноп чатырап («Манас»). Чатыраш болсун ар үйдө, Коноктор оюн ойносун («Эл адабияты»). 2. диал. Суу жээгине, чайларга өсө турган ичке бутактуу, барпагай жалбырактуу өсүмдүк.