Киргизско-русский словарь Юдахина
1. сын;
тондуу уул усыновлённый ребёнок (мальчик);
тонсуз уул родной сын;
бакма уул воспитанник;
олжолснуп кул болгон, Кутманга бакма уул болгон фольк. попав в плен, стал рабом, стал воспитанником Кутмана;
уулдары баатыр кыргыздын фольк. сыны киргизские - герои;
2. редко ребёнок, дитя (независимо от пола);
эркек уул мальчик, сын;
эркек уул мында жок, жалаң кыз балдары бар экен мальчиков здесь нет, есть только девочки;
Айчүрөктүн баласы эгерде эркек уул болсо фольк. если дитя Айчурек окажется мальчиком;
3. перен. молодец;
ой, баракелди ай, уул экен! вот это да! молодец, оказывается, он!;
мен, ыраазы, уул экенсиң! я доволен, ты молодец!;
ата (нын) уулу молодец; молодец; достойный;
4. уст. с притяж. аффиксом 3 л. (уулу) соответствует русскому фамильному окончанию: Малик уулу Маликов;
5. в игре в тогуз коргол (см. коргол):
уч уул три камешка в одной лунке (выигрыш);
беш уул пять камешков в одной лунке (проигрыш);
жети уул семь камешков в одной лунке (проигрыш);
тогуз уул девять камешков в одной лунке (проигрыш);
уул табар кончик сычуга (жумур см. III) у овцы (по старому поверью, съевшая это женщина родит сына).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эркек бала. Уулуң өссө – урумга, кызың өссө – кырымга (макал). Колунда бир уул, бир кызы бар (Сыдыкбеков). Уул жакшысы – урмат (макал). 2. Тогуз коргоол оюнунда бир уяга түшкөн үч коргоол.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. 1. Ууландыруу; ууктуруу. Уулап койгон эт.
2. өт. Жан кейитүү, жанына батуу. [Унчукпады] менин сөзүм, Денин уулап кеткендей (Нуркамал).
УУЛА II этиш. Аңчылык кылуу, мергенчилик кылуу, балык кармоо. Аркар уулап, бугу кууп, Элемандын сырттаны («Эр Төштүк»). Жигиттер, арык бойлоп балык уулап жүрөсүңөрбү? (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УУЛАНДЫРУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ БАР ХИМИЯЛЫК ЗАТ – өндүрүү, пайдалануу, ташуу шарттарында, ошондой эле турмуш-тиричиликте колдонууда адамдын денсоолугуна жана айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон зат (бирикме).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УУЛАНУУ ЫШКЫСЫ (ТОКСИКОМАНИЯ) (гр. toxikоn – уу жана mania – алаңгазардык, шаттангандык) – ченемдик актыларда баңгилик катары таанылбаган (дарылык жана турмуш-тиричиликтик У. ы.) заттарды ашыкча колдонуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(ср. улжан)
название лекарственного травянистого растения;
уулжан берип, ичинен эски дартын буздуруп фольк. дав (больному) уулжан, старую болезнь победил (букв. разрушил).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
биол. Чайырлар тукумуна кирген, сабагында, мөмөсүндө, тамырында эфир майы бар, илгертеден эл арасында аш казан, айрым жараат ооруларын дарылоого пайдаланылып келген көп жылдык өсүмдүктүн түрү. Уулжан болсо уулум өлбөйт эле (макал).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УУЛУУ ЗАТТАРДЫ ТААНУУ (ТОКСИКОЛОГИЯ) (гр. toxikоn – уу жана lуgos – сөз, окуу) – уулуу заттар, алардын келип чыгуусу, химиялык курамы жана касиеттери, тирүү жанга тийгизген таасири, аныктоо ыкмалары, уулануу менен күрөшүү жана аларды алдыналуу жөнүндө илим. У. з. т. сот медицинасынын жана криминалчылык техниканын бөлүгү катары биологиялык материалдагы (өлүктүн бөлүктөрүнөн, ашказандын ичиндегилерден, дене суюктуктарынын), заттардан же жыйындылардан уулуу затарды табуу менен алектенет, канда алкоголдун болушун аныктайт же баңги ууларын окшоштурат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бала-чакасы өсүп жетилүү, этек-жеңи жайылуу, акар-чакар болуу. Уулум учка, кызым кырга жетип жаткан мени каакы ордуна көрбөйсүң (Сыдыкбеков). В.: Уулу урумга, кызы кырымга жетүү. Баягы Айнагүл жок, уулу урумга, кызы кырымга жетип, чатырап турган кези («Кыргызстан маданияты»).