Киргизско-русский словарь Юдахина
сон;
алп уйку богатырский сон (крепкий, но может быть и очень коротким);
куш уйку чуткий, краткий сон;
сүт уйку безмятежный сон;
жаш балдар сүт уйкуда мемиреген малые дети безмятежно спали;
таттуу уйку сладкий сон;
оор уйку время, когда все (в ауле, ныне - в селе) спят;
таңга бир уйку калганда время, близкое к рассвету (между временным пробуждением перед рассветом, зарёй);
уйкусу канды он выспался;
түн уйкусун төрт бөлгөн он не знал покоя по ночам;
биз азыр тамак ичпей, уйку көрбөй калдык мы сейчас остаёмся без еды, без сна;
ал түнү, ооналактап, уйку бетин көрбөдү в ту ночь он ворочался, глаз не сомкнул;
түн уйкусун алып, күндүзү тынчын кетирет ночью он спать не даёт и днём покоя лишает;
уйку келтир- нагнать сон;
кубулжуп кушу сайраса, уйку басып талытар стих. когда (там) птицы поют с переливами, (это) сон нагоняет, размаривает (по старым киргизским представлениям, приятное вызывает покой, сон, неприятное разгоняет его);
уйкуда басып өлтүр- заспать (ребёнка);
уйкуга бастыр- поддаться сну;
уйку-соонун ичинде или уйку-соонун ортосунда или уйку аралаш сквозь сон, в полусне;
кара уйку неотвязный сон;
түбөлүк уйку вечный сон (смерть);
уйку ач- см. ач- III.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Белгилүү бир убакыттарда кайталанып туруучу, ой кызматын толук же жарым-жартылай токтотуучу физиологиялык тынчтык жана эс алыш. Уйкудан көзүң ачылбайт, Кандай курган баласың («Эр Табылды»). Тур-турдан кабар келсе, уйкунун мазасы кетет (макал).
Уйку-соонун ортосунда болуу — чала уйкуда болуу, өтө катуу уктап кетпей, айланадагыларды элес-булас сезип жатуу. Уйку-соонун ортосундагы энесине Татыбектин сөздөрү түшүнүксүз болду (Байтемиров). Куш уйку — узак уктабай, бир аз көз илинтип ала коюу, сергек жаткан кыска уйку. Сүт уйку — мемиреп, көшүлүп тыптынч уктагандык (көбүнчө жаш балдарга карата).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде уйу сөзү азыркы кыргызча укта этишине туура келген (ДТС, 607). Ошол уйу этишине зат атооч жасоочу -к мүчөсү жалганып, уйук сөзү жасалган. Бирок анын акыркы ук деген тыбыштары орундарын алмаштырып жайланышып калгандыктан, уйку түрүнө келген. Казак тилинде демейде уйкы делген менен, андан этиш жасалганда уңгусу байыркы калыбына келип, уйык болот: уйыкта. Кыргыз тилинде анын бир аз кыскарган түрү айтылат (к. УКТА).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Такыр уктабоо, уктай албай калуу. Сөздүн кыскасы, бул түнү да Наркбай уйку бетин көргөн жок (Кыдырмышев). Мындай түнү энем уйку бетин көрмөк беле (Жусупов). В.: Уйку качуу. Жалган курандын биринчи түнүндө уйкум качты (Жусупов). Бул түнү уйку качып, кыялым жер кезип жүрөт (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Белгилүү бир убакыттарда кайталанып туруучу, ой кызматын толук же жарым-жартылай токтотуучу физиологиялык тынчтык жана эс алыш. Уйкудан көзүң ачылбайт, Кандай курган баласың («Эр Табылды»). Тур-турдан кабар келсе, уйкунун мазасы кетет (макал). Бул күнкү урпагынын жайын сүйлөшөт, Уйкуда жаткан эрди кайраттантып (Тыныстанов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Уйкусу абдан ачыла элек, уйкусу канбаган бойдон. Уйкулуу көзүн укалап, Алымкул кош башчысы Тагайдын кумсарып атчан турганын көрдү (Абдукаримов). [Анархандын] уйкулуу көзү умачтай ачылып, башын көтөрдү (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уйкусу абдан ачыла элек, уйкусу канбаган бойдон. Уйкулуу көзүн укалап, Алымкул кош башчысы Тагайдын кумсарып атчан турганын көрдү (Абдукаримов). Анархандын уйкулуу көзү умачтай ачылып, башын көтөрдү (Жантөшев).