1. корень; тамыр жай- пустить корни; тамырын кырк- подрубить корень; уничтожитъ с корнем; тамыры менен суур- вырвать, вытащить с корнем (растение); түп-тамырынан бери соолт- перен. вырвать с корнем; миң тамыр южн. название травянистого растения (в народной медицине употребляется при сердечных заболеваниях); тамырын тартып көр- или тил тамырын тартып көр- пытаться обиняком выспросить, позондировать почву; 2. кровеносный сосуд; пульс; көк тамыр вена; тамыр кагыш или тамырдын кагышы биение пульса, пульсация; тамыр карма- или тамыр көр- щупать пульс; ставить диагноз по биению пульса; тамыр кармат-просить пощупать пульс; 3. перен. (между мужчинами) друг, приятель; побратим; Орозойдун он тамыры бир келет погов. десять приятелей Орозоя разом приходят (о большом числе гостей, нахлынувших разом и не вовремя); тамыр-тааныштар приятели и знакомые, дружки-приятели; атам тапкан тамырды арам сийдик уул бузду погов. друга, которого обрёл мой отец, негодный сын отвадил; 4. перен. любовник, любовница, сожитель, сожительница; тамыр аял любовница, сожительница; сөөк-тамыр (см.сөөк 2).
зат. 1. Өсүмдүктөрдүн жерге орунтукталып турушун, суу же башка азык заттарын өзүнө тартып, тамактанып туруусун камсыз кылуучу жер астындагы бөлүгү. Жаа, жаа жамгырым, жамгырым, Жумшарт эгин тамырын (Осмонов). Бактын тамыры.
2. анат. Кан жүрүү жолдору, кан тароочу түтүкчөлөр. Даниярдын маңдайындагы кан тамырлары жарылып кетчүдөй кабарган (Айтматов). Тамырчылар тамырымды кармап, табыптар тамак берет (Жантөшев).
3. Дос, достошкон адамдар (көбүнчө эркектерге карата). Кубанып тосту жолуңдан, Токо, курбу-курдаш тамырың (Калык). — Ой, ыракмат, Андрей тамыр! (Сасыкбаев).
4. Ойнош, ойноп-күлүү, ысыктык жагынан көңүл жакын болгондор.
♦ Күрөөтамыр — ар жактан жүрөктү көздөй кан жиберип турчу чоң тамыр, вена. Чекесинен буу чыгып, күрөө тамыры кызарып, толкундап кетти (Сыдыкбеков). Тамырынтартуу — сырын тартуу, ички сырын билүүгө тырышуу, байкоо. Тамырынжаюу — өсүү, өркүндөө, жайылуу, таралуу. Тамырынабалтачабуу — кендирин кесүү, жок кылуу, курутуу, жаштайында соолтуу. Тамыркармоо — тамырчылык кылуу, сыркоо адамдын ысык суугун, илдетин билүү аракетин кылуу. Түптамырынанбери — бүтүндөй, бардык жагынан. Жумушчу табынын кулк мүнөзү түп тамырынан бери өзгөрүлдү («Советтик Кыргызстан»).
Өсүмдүктөрдүн жерге орунтукталып турушун жана азык заттарды сиңирип алышын камсыз кылуучу бөлүгүн тамыр дейбиз. Адамдын, айбанаттардын денесине кан жүгүрчү түтүкчөлөр да тамыр аталат. Мына ушул сөзү тарам (<тара<м) сөзүнүн тыбыштары өзгөрүшүнөн келип чыгат. Алгач тарам сөзүнүн р жана м тыбыштары орундарын алмаштырып, тамыр болуп өзгөргөн. Кийин акыркы муундагы а тыбышы ы тыбышына өзгөрүп, тамыр түрүнө келген. Алгач тарам сөзү «өсүмдүктүн жерге тараган бөлүгү, жаныбардын денесине тараган майда түтүк-чөлөрү» маанисин берип, тара этишинен жасалганы даана болуп турган.
1. Өсүмдүктөрдүн жерге орунтукталып турушун, суу же башка азык заттарын өзүнө тартып, тамактанып туруусун камсыз кылуучу жер астындагы бөлүгү. Жаа, жаа жамгырым, жамгырым, Жумшарт эгин тамырын (Осмонов). Бактын тамыры. 2. анат. Кан жүрүү жолдору, кан тароочу түтүкчөлөр. Даниярдын маңдайындагы кан тамырлары жарылып кетчүдөй кабарган (Айтматов). Тамырчылар тамырымды кармап, табыптар тамак берет (Жантөшев). Ошол чырак өмүрүңдү жаркытып, Тамырыңа кан-сөл болот билемин (Мамазаирова). 3. Дос, достошкон адамдар. Кедең дос «Тетиги келе жаткан Муңдубай тамыры экен» – деди. («Эл адабияты»). Кубанып тосту жолуңдан, Токо, курбу-курдаш. тамырың (Калык). – Ой, ыракмат, Андрей тамыр! (Сасыкбаев). Тамыр сөөк куда бар, Тамашага жуда бар (Калмырза).
Бекем орношуп, алынышып алуу. Жер тамырынан эл тамыры көп эмеспи. Дагы бир элдин-журттун арасына түп байлап, тамыр жайып жүрөбү? (Садыбакасов). Мурдатан тамыр жайган жат көрүнүштөр, бурмалоолор оор илдеттен бетер биздин бардыгыбызга жүк болууда.
Бекем орношуп, алынышып алуу. Жер тамырынан эл тамыры көп эмеспи. Дагы бир элдин-журттун арасына түп байлап, тамыр жайып жүрөбү? (Садыбакасов). Мурдатан тамыр жайган жат көрүнүштөр, бурмалоолор оор илдеттен бетер биздин бардыгыбызга жүк болууда («Советтик Кыргызстан»).
пускать корни, укореняться, разрастаться; ырдын кени ичимде ташып жатат тамырлап стих. богатства стиха во мне бурлят, разрастаясь; сөөк-тамырлап кетти он отправился (в гости) к своим родственникам.
подружиться (обменявшись подарками); тамырлашып ат алба, тайың жок болсо берерге фольк. дружа, не бери (в подарок) коня, если у тебя нет жеребёнка, чтобы отдарить.
Өмүрүнө зыян келтирүү, бир кырсыкка учуратуу, жок кылуу, жоюу. Зулумдардын тамырына балта чабабыз деди (Сыдыкбеков). Жаш өмүрүнүн тамырына балта чабуу коркунучу күчөй баштады (Сасыкбаев). В.: Тамырын кыркуу. Уурулардын тамырын такыр кыркуу керек деп ачууланышты («Ала-Тоо»). Кылгылыкты кылыптыр, Тамырын такыр кыркыптыр («Манас»). Тамырын соолтуу. Бир кезде ыдык көрсөткөндөрдүн тамырын соолтом («Ала-Тоо»). Тамырын үзүү. Бай-манаптардын, кулактардын экономикалык күчүн жана алардын массага болгон таасиринин тамырын үздү («Кыргызстан тарыхы»).
Өмүрүнө зыян келтирүү, бир кырсыкка учуратуу, жок кылуу, жоюу. Зулумдардын тамырына балта чабабыз деди (Сыдыкбеков). Жаш өмүрүнүн тамырына балта чабуу коркунучу күчөй баштады (Сасыкбаев).
к. ТАМЫРЫН ТАРТЫП КӨРҮҮ
Тамырын тартып сүйлөшүүгө өтөйүн (Бейшеналиев). Таксыры менен нөкөрү тымызын тамыр тартыша күчтөрүн сынап байкашты (Бейшеналиев).
Алдырттан, акырындап сырын билүү, көңүлүн оюн билүүгө аракеттенүү,байкоо. Душмандын тамырын тартып көрүп, мындай тыянакка келишти («Ала-Тоо»). Мен анын тамырын тартып көрүп өзүм кабар кылайын деп убада берди («Чалкан»).
Алдыртан, акырындап сырын билүү, көңүлүн, оюн билүүгө аракеттенүү, байкоо. Душмандын тамырын тартып көрүп, мындай тыянакка келишти («Ала-Тоо»). Мен анын тамырын тартып көрүп өзүм кабар кылайын деп убада берди («Чалкан»). В.: Танабын тартып көрүү. Ишинин танабын тартып көрдү да белгилүү бир пикирге келди («Ала-Тоо»). Танабын тартуу. Жалий эки жактын танабын тартып, Чоюбек болуш менен Байымбет акындын ар кимине өзүнчө мамиле жасоодо (Бейшеналиев). Жибин тартып көрүү. Ар бирибиздин жибибизди тартып көрдү да, «жарайт, балдар, баарыңар барасыңар” , – деди (Сыдыкбеков). Тамырын тартуу. Тамырын тартып сүйлөшүүгө өтөйүн (Бейшеналиев). Таксыры менен нөкөрү тымызын тамыр тартыша күчтөрүн сынап байкашты (Бейшеналиев).
к. ТАМЫРЫНА БАЛТА ЧАБУУ
Бай-манаптардын, кулактардын экономикалык күчүн жана алардын массага болгон таасиринин тамырын үздү («Кыргызстан тарыхы»). Кулактардын тамырын соолткон Совет бийлиги болду («Советтик Кыргызстан»).
root element (noun)
The element in an XML document that contains all other elements. It is the top-level element of an XML document and must be the first element in the document.