Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өмүрүнө зыян келтирүү, бир кырсыкка учуратуу, жок кылуу, жоюу. Зулумдардын тамырына балта чабабыз деди (Сыдыкбеков). Жаш өмүрүнүн тамырына балта чабуу коркунучу күчөй баштады (Сасыкбаев). В.: Тамырын кыркуу. Уурулардын тамырын такыр кыркуу керек деп ачууланышты («Ала-Тоо»). Кылгылыкты кылыптыр, Тамырын такыр кыркыптыр («Манас»). Тамырын соолтуу. Бир кезде ыдык көрсөткөндөрдүн тамырын соолтом («Ала-Тоо»). Тамырын үзүү. Бай-манаптардын, кулактардын экономикалык күчүн жана алардын массага болгон таасиринин тамырын үздү («Кыргызстан тарыхы»).