ТАМЫР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Өсүмдүктөрдүн жерге орунтукталып турушун, суу же башка азык заттарын өзүнө тартып, тамактанып туруусун камсыз кылуучу жер астындагы бөлүгү. Жаа, жаа жамгырым, жамгырым, Жумшарт эгин тамырын (Осмонов). Бактын тамыры. 2. анат. Кан жүрүү жолдору, кан тароочу түтүкчөлөр. Даниярдын маңдайындагы кан тамырлары жарылып кетчүдөй кабарган (Айтматов). Тамырчылар тамырымды кармап, табыптар тамак берет (Жантөшев). Ошол чырак өмүрүңдү жаркытып, Тамырыңа кан-сөл болот билемин (Мамазаирова). 3. Дос, достошкон адамдар. Кедең дос «Тетиги келе жаткан Муңдубай тамыры экен» – деди. («Эл адабияты»). Кубанып тосту жолуңдан, Токо, курбу-курдаш. тамырың (Калык). – Ой, ыракмат, Андрей тамыр! (Сасыкбаев). Тамыр сөөк куда бар, Тамашага жуда бар (Калмырза).