ТАМЫР
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаӨсүмдүктөрдүн жерге орунтукталып турушун жана азык заттарды сиңирип алышын камсыз кылуучу бөлүгүн тамыр дейбиз. Адамдын, айбанаттардын денесине кан жүгүрчү түтүкчөлөр да тамыр аталат. Мына ушул сөзү тарам (<тара<м) сөзүнүн тыбыштары өзгөрүшүнөн келип чыгат. Алгач тарам сөзүнүн р жана м тыбыштары орундарын алмаштырып, тамыр болуп өзгөргөн. Кийин акыркы муундагы а тыбышы ы тыбышына өзгөрүп, тамыр түрүнө келген. Алгач тарам сөзү «өсүмдүктүн жерге тараган бөлүгү, жаныбардын денесине тараган майда түтүк-чөлөрү» маанисин берип, тара этишинен жасалганы даана болуп турган.