Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Кубануу, шаттануу, сүйүнүчтө болуу, көңүлү куунак болуу. Жашасын деп өкмөт, Жарды, жалчы сүйүндү (Тоголок Молдо). Жылдызкан сүйүнгөнүнө чыдабай алаканын шакылдатып чапкылап жиберди (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
радоваться;
тапкан сүйүнөт, тааныган алат погов. нашедший радуется, (а) опознавший (потерю) получает;
кудайдын кулагы сүйүнсүн - деп выражая своё удовлетворение, свою радость громко, во всеуслышание (букв. пусть, мол, уши бога радуются);
кудайдын кулагы сүйүнсүн - деп, катуу кубанган элек мы громко выражали свою, радость, пусть, мол, уши бога радуются.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз сүй+үн бөлүктөрүнөн турат. Сүй уңгусу бирөөнү сүй дегедеги сүй сөзүнө туура келет. Ага этиштин өздүк мамилесинин -н мүчөсү уланып, сүйүн сөзү жаралган. Адам сүйүнгөндө таттуу сезимде болуп, өзүнөн-өзү кубанып, кимдир бирөөнү сүйүп калгандай абалда болот. Байыркы түрк тилинде да сев сөзү сүй дегенди билдирсе, севан сөзү сүйүн» сөзүнө туура келген (ДТС, 497). Бардык эле түрк тилдеринде сүй этиши менен сүйүн сөзү тектеш, экөө бир уңгудан келип чыгат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кубануу, шаттануу, сүйүнүчтө болуу, көңүлү куунак болуу. Жашасын деп өкмөт, Жарды, жалчы сүйүндү (Тоголок Молдо). Жалпы журтум сүйүнгүн, Башыбызга сайынган (Калмырза). Жылдызкан сүйүнгөнүнө чыдабай алаканын шакылдатып чапкылап жиберди (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сырд. 1. Сүйүнө турган, кубанычтуу, жакшылык кабарды билдиргенде айтылуучу сөз. Сүйүнчү, бир уулдуу болдук (Аалы). Душманга салып күйүнчү, Аташканың Семетей, О жеңе, келип калды, сүйүнчү? ! («Семетей»).
2. Ушундай кабарды угузуп, сүйүнчүлөп келген кишиге берилүүчү белек, сыйлык. Бектур өзү минип жүрүүчү тору кашка атын сүйүнчүгө берет (Сыдыкбеков). Жок мурда сүйүнчүсүн бериңиз, болбосо айтпайбыз (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сүйүнө турган, кубанычтуу, жакшылык кабарды билдиргенде айтылуучу сөз. Сүйүнчү, бир уулдуу болдук (Токомбаев). Душманга салып күйүнчү, Аташканың Семетей, О жеңе, келип калды, сүйүнчү? («Семетей»). Сүйүнчү, чоң ата, сүйүнчү! Балаңар келди, балаңар келди (Жакиев). Сүйүнчү агай, чабалекей келиптир, Ар бир жылы жаз маалында биз көргөн (Акматалиев). 2. Ушундай кабарды угузуп, сүйүнчүлөп келген кишиге берилүүчү белек, сыйлык. Бектур өзү минип жүрүүчү тору кашка атын сүйүнчүгө берет (Сыдыкбеков). Жок мурда сүйүнчүсүн бериңиз, болбосо айтпайбыз (Абдукаримов). Сүйүнчүлөп кала гөр («Манас» С. К.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
явиться с сообщением радостной вести и получить за это подарок;
силер келе бергиле, мен чуркап барып атама сүйүнчүлөйүн вы идите, а я побегу сообщить отцу своему радостную весть;
кош, ошону сүйүнчүлөп келдиңби? так, (значит) ты пришёл, чтобы сообщить это как радостную весть и получить подарок?