мыйзам I ар. (часто пишется и произносится мийзам) 1. уст. закон; мыйзам жыйнагы кодекс законов; кылмыш мыйзамы уголовный закон; 2. ист. так среди правящей киргизской верхушки называлось "Степное положение" 1892 года. мыйзам II (часто пишется и произносится мийзам) 1. редко, то же, чтомийзам II 1; 2. (или мыйзамдын гүлү) тенётник (паутина, летающая в воздухе в начале осени); мыйзам учуп, күз түштү полетел тенётник, и настала осень; былкылдак куурай бышкыча, мыйзамдын гүлү учкуча фольк. пока рыхлый курай созреет, пока полетит тенётник; көзгө илешпей, мыйзамдай сызып кетип баратат фольк. (сорок витязей) плавно, как тенётник, мчатся, глазу незаметно (так быстро).
МЫЙЗАМ – референдум жолу менен же белгиленген жолжобо боюнча кабыл алынып, мамлекет менен коом турмушундагы орчундуу маселелерди жөнгө сала турган ченемдик укук актысы. Эгер, КР Конституциясы менен КР мыйзамдарына ылайык, мыйзам түрүндө чечүүгө туура келсе, башка маселелер да М. таризинде жөнгө салынат.
МЫЙЗАМ АНАЛОГИЯСЫ (гр. analogos – тийешелүү, ченемдеш) – талаш чыккан мамилелер жарандык укук ченемдери аркылуу да, тараптардын өзара макулдашуусу (келишими) аркылуу да жөнгө салынбаган учурда колдонулуучу ыкма. М. а. талаш-тартыш катышуучуларынын өзара мамилесин айкын кылат. М. а-н колдонууга төмөндөгүдөй зарыл шарттар болгондо гана жол берилет: а) талаш чыккан мамилелер түздөнтүз укук ченемдери, же тараптардын өзара келишими аркылуу жөнгө салынбаганда; б) ошондой мамилелерди жөнгө салчу мыйзам актыларын талаш-тартышты чечүү үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк болгондо.
МЫЙЗАМДАРДЫ ТУТУМДАШТЫРУУ (укук тутумдаштыруусу ) – ченемдик укуктук актылардын мазмунун сыртынан жана ичинен иштеп чыгуу жолу менен аларды биримдикке келтирүү жүрүмү. Ченемдик укуктук материалдын кандайча иштелип чыккандыгына жараша инкорпорация (консолидация) жана кодификация болуп ажыратылат.
МЫЙЗАМДАР ЖЫЙНАГЫ – аракеттеги ченемдик актылар бир басылмага чогултулуп, белгилүү бир тартипте (тутумдуу, хронологиялуу) жайгаштырылып, мамлекет тарабынан ырасмий түрдө басып чыгарылган мыйзам актыларынын жыйнагы (м.: Юстиниан жыйнагы). КРде М. ж. КР ЖК, КР Президенти, КР Өкмөтү тарабынан ырасмий түрдө басылат.
МЫЙЗАМДАР КОЛЛИЗИЯСЫ (КАГЫЛЫШЫ) – бир эле маселе боюнча чыгарылган 2 же андан көп шарттуу аракеттеги ченемдик актылардын бири-бирине карама-каршылыгы (кагылышуусу). М. к. (белгилүү эрежелер боюнча) каралып жаткан кырдаалга колдонулуусу мүмкүн болгон ченемдик актыны тандап алуу жолу менен чечилет (м.: бирдей күчкө ээ 2 юридикалык актынын убактысы боюнча кийинки кабыл алынганы, атайын акты жалпы актынын алдында артыкчылыкка ээ болот.)
МЫЙЗАМДАР ТУТУМУ – анын булактарынын түзүлүшүн чагылдырган укуктун сырткы таризи (кара: Укук
булактары ). Жөнгө салынуучу мамилелердин мүнөзүнө, ошондой эле ченемдик
актыларды чыгаруучу органдардын, мамлекеттик органдардын даражалык тутумундагы
ээлеген ордуна жараша мамлекеттин колдонуудагы баардык ченемдик актылардын
бирдиктүү топтомун билдирген курамдык элементтерге бөлүнөт. Мыйзамдар тутумун
укук тутумунан айырмалоо зарыл. Биринчисинин баштапкы бөлүкчөсү ченемдик укук
актысы болсо, экинчисиники – укук ченеми.
МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ – мыйзам чыгаруу органына же референдумга мыйзамды кабыл алуу үчүн коюлуучу текст. М. д-н даярдоо иши аны иштеп чыгуу чечимин кабыл алууну, тексттин даярдоону, баштапкы долбоорду талкуулоону жана аягына чыгара иштеп чыгууну, аны баардык кызыкдар органдар жана уюмдар менен макулдашууну өз ичине камтыйт. М. д-н даярдоо иши аяктагандан кийин, ал мыйзам чыгаруу демилгеси катары мыйзам чыгаруучу органдын кароосуна берилет. Субъекттери боюнча мыйзам чыгаруу демилгеси өкмөттүк, депутаттык ж. б. болуп бөлүнөт.
МЫЙЗАМДУУ ИШКЕРДИК ИШ-АРАКЕТИНЕ ТОСКООЛДУК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экономикалык иш чөйрөсүндө жасалган кылмыштар. Ал төмөнкүчө аныкталат: а) жеке ишкердик кылуучуну же коммерциялык уюмду каттоодон мыйзамсыз баштартуу же четтөө; б) белгилүү бир ишмердикти жасоого атайын улуксат (лицензия) берүүдөн мыйзамсыз баштартуу, болбосо аны берүүдөн четтөө; в) жеке ишкердик кылуучунун же коммерциялык уюмдун укуктары менен мыйзамдуу таламдарын алардын уюштуруу-укуктук же менчигинин түрүнө жараша чектөө, ошого тете эле алардын өзалдынчалуулугун чектөө, же болбосо жеке ишкердик кылуучунун же коммерциялык уюмдун ишине мыйзамсыз кийлигишүү, эгерде мындай жосундар кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу аркылуу жасалса.
МЫЙЗАМДУУЛУК (мыйзам үстөмдүгү) – баардык мамлекеттик органдардын, кызмат жана башка адамдардын мыйзамдарды жана аларга ылайык укук актыларын кыйшаюусуз аткаруусу. М. – укуктук мамлекетинин жана демократиянын белгилеринин бири.
МЫЙЗАМДУУ ӨКҮЛ – мыйзамга ылайык баардык мекемелерде, а. и. соттордо жөндөмсүз, жөндөмү чектелүү, жөндөмдүү, бирок денсоолук абалына (жаш курагына, оору ж. б. боюнча) байланыштуу өзүнүн укуктары менен милдеттерин өздөрү ишке ашыра албагандардын жеке жана мүлктүк укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоочу жаран. Бул аракеттерди ишке ашыруу үчүн, сотко анын ыйгарым укуктарын күбөлөөчү документтер көрсөтүлөт. Кылмыш иштеринде күмөндүүнүн (айыпталуучунун), жабырлануучунун, күбөнүн ата-энеси, асырап алуучулар, камкорчулар, көздөөчүлөр ошондой эле иштин толук эмес жөндөмсүз катышуучулары багуусунда турган балдар үйлөрүнүн, майыптар үйлөрүнүн ж. б. ушул сыяктуу мекемелердин өкүлдөрү, камкорчу жана багып алуучу органдардын өкүлдөрү (эгер иштин толук эмес жөндөмсүз катышуучусунун башка М. ө. жок болсо, же алар ишке киргизилбесе) М. ө. болуп саналышат. Жарандык иште – ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар жана көздөөчүлөр М. ө. болушат.
МЫЙЗАМДУУ ТӨЛӨМ КАРАЖАТЫ – ошол өлкөнүн аймагында мыйзам боюнча карызды жабууга милдеттүү түрдө кабыл алынуучу акча белгиси: банкноттор (банк билеттери), казыналык билеттер жана майдалоо тыйындары.
МЫЙЗАМДЫ ЖАРЫЯЛОО – белгилүү бир басылмада жарыялоо жолу менен мыйзамды жалпыга жеткирүү. М. ж-нун. ырасмий жана ырасмий эмес түрлөрү ажырымдалат. М.ж. ырасмий ишке ашыруу – кабыл алынган мыйзамдын ырасмий текстинин экинчи нускасын жарыялоо жана анын күчүнө кирүү убактысын аныктоо үчүн зарыл болгон – мыйзам чыгаруу ишинин өзалдынча баскычы. Ал шарттуу юридикалык мааниге ээ болот жана укук чыгаруучу органдын атынан кабыл алынган мыйзамдын толук жана так тексттин мыйзам жыйнактарында, укук ченемдерин колдонуу актыларында, басма жумуштарында ж. б. шилтеме жосоого болуучу мыйзамда каралган басылмада жарыялоодо турат. Мындай М. ж-до мыйзам анын текстинин тактыгы менен күбөлөндүрүлөт. Ырасмий эмес М. ж. басма, ведомстволук органдар, илимий мекемелер, жеке түзүүчүлөр тарабынан ишке ашырылат. КР – сында М. ж-нун ырасмий иши катары «Эркинтоо» газетасында, «КР мыйзам жыйнактарында», «КР Жогорку Кеңешинин Ведомостторунда», «КР Президентинин мыйзамдарынын жана актыларынын жыйнагында» М. ж. ырасмий болуп эсептелет.
МЫЙЗАМДЫК АКТ – мамлекеттик бийлик органынын мыйзамдан төмөнүрөөк юридикалык күчкө ээ болгон укуктук акты. М. а. мыйзамдардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн кабыл алынат. КРде республикалык дэңгээлдеги М. а-ларына КР Президентинин жарлыктары жана буйруктары, КР Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары, КРУБдун, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин бөлөк органдарынын актылары, ошондой эле сот чечимдери кирет.
МЫЙЗАМДЫК КЕҢЕШЧИ ОРГАНДАР – негизги милдеттери аларды кабыл алуу укугу жок мыйзам долбоорлорун кароо болгон мамлекеттик органдардын өзгөчө катмары. Негизинен чексиз монархияларда (м.: БАЭнын Федералдык улуттук жыйыны), кээде ишинин уюштурулушу жана түзүлүш тартиби парламенттик мекемени эске салуусу мүмкүн болгон конституциялык монархияларда (м.: Кувейттин Улуттук жыйыны) да уюштурулат.
МЫЙЗАМДЫН КАЙТАРЫМ КҮЧҮ – мыйзам күчүнө киргенге чейин жол бериле турган мыйзам аракетинин таркатылышы. М. к. к. адаттан тыш нерсе, ошондуктан мыйзамдын өзүндө же аны аракетке киргизүү актысында атайын көрсөтүлүүгө тийиш (жоопкерчиликти жокко чыгаруучу же жумшартуучу кылмыш-жаза мыйзамдарында М. к. к. такай болот).
МЫЙЗАМДЫН КОЛДОНУЛУШУ – мыйзамдын мезгил,
мейкиндик жана жак чөйрөсү боюнча таралышы. Мезгил боюнча М. к. ал күчүнө кирген
учурдан башталат. Ал учур мыйзамдын өзүндө атайын көрсөтүлүшү мүмкүн. Эгер ал
көрсөтүлбөсө, анын күчүнө кирүү мөөнөтү колдонуудагы мыйзам аркылуу аныкталат.
М. к. ал ырасмий жокко чыгарылган учурдан же ал үчүн белгиленген мөөнөт
бүткөндөн же кийин чыккан мыйзам менен алмаштырылгандан тартып токтотулат.
Мейкиндик боюнча М. к. белгилүү бир аймак чегинде колдонулушун билдирет. Жактар
арасында М. к. белгилүү бир укук субъектисинин катмарына карата колдонулушун
билдирет.
1.) keep the law, observe the law, be at law, comply with the law 2.) (юридика) to abide by (adhere to, comply with) a law; honour (keep, observe) a law
МЫЙЗАМСЫЗ АҢЧЫЛЫК – тыюу салынган жерлерде, тыюу салынган мезгилде же тыюу салынган куралдар жана ыкмалар менен тийиштүү улуксаты жок аңчылык кылуу. М. а. үчүн мыйзамда адатта кылмыш-жаза же административдик жоопкерчилик белгиленген.
МЫЙЗАМСЫЗ БАЛЫК УУЛОО ЖЕ БАШКА СУУДА ӨНДҮРҮП ДАЯРДОО МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮ – КР аймактык сууларында ага тийиштүү улуксаты жок же тыюу салынган мезгилде, болбосо тыюу салынган жерлерде, тыюу салынган куралдар, ыкмалар жана ыгы менен балык, суу жаныбарларын өндүрүү жана башка сууда өндүрүп даярдоо иштерин жүргүзүү.
МЫЙЗАМСЫЗ БАНК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү каттоосуз же андай улуксат сөзсүз милдеттүү болгон учурларда атайын улуксаты жок (лицензиясыз), же лицензиялоонун шарттарын бузуу менен, ал жосундар жарандарга, уюмдарга же мамлекетке ири зыян алып келген, болбосо ири өлчөмдөгү киреше алуу менен байланышкан банк ишмердүүлүгүн (банк аткарымдарын) жүзөгө ашыруудан көрүнгөн кылмыш.
МЫЙЗАМСЫЗ ДАРЫГЕРЛИК КЫЛУУ – атайын медициналык билимге ээ эмес жана саламаттык сактоо органдарынын улуксат (лицензиясы) жок кишинин дарылоо менен, анын ичинде салттык эмес жана элдик медицинанын усулдары менен дарыгерлик кылуусу. М. д. к. үчүн мыйзамда адатта кылмыш-жаза же административдик жоопкерчилик белгиленген.
МЫЙЗАМСЫЗ ДЕП ЖАРЫЯЛОО – мамлекет тарабынан адамды укугунун (андай адамды кимдин да болбосун өлтүрүп коюусуна чейин) корголуусунан толук же жарым-жартылай айыруу. Айрым өлкөлөрдө ХХ кылымдын баш жагына дейре сакталып келген, жазалоонун байыркы түрлөрүнүн бири. М. т. ж. 1919-жылкы «РСФСР кылмыш-жаза укуктары боюнча жетектөөчү негиздеринде» дагы эскерилген.
МЫЙЗАМСЫЗ ЖОЛ МЕНЕН АЛЫНГАН АКЧАЛАЙ КАРАЖАТТАРДЫ ЖЕ БАШКА МҮЛКТҮ ЛЕГАЛДАШТЫРУУ («АДАЛДОО») – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыш. Объективдүү жактан алганда, көз көрүнөө мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттар же башка мүлктөр менен каржы аткарымдарын ж. б. бүтүмдөрдү жасоо, ага тете эле аны ишкердик же башка экономикалык иштер үчүн пайдалануу. Эларалык укукта кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу – 1990-жылдагы Страсбург конвенциясына ылайык эларалык мүнөздөгү кылмыш.
МЫЙЗАМСЫЗ ИШКЕРДИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, андай улуксат (лицензия) милдеттүү болгон учурда, ишкердик кылуу ишин каттоосуз же атайын улуксатсыз (лицензиясыз) ишке ашыруудан, же лицензиялоонун шарттарын бузуу менен ишке ашыруудан, ал жосун жарандарга, уюмдарга же мамлекетке ири зыян келтирүүсүнөн, ири өлчөмдө киреше алуусунан көрүнгөн экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыш.
МЫЙЗАМСЫЗ КРЕДИТ АЛУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, жеке ишкердик кылуучу же уюмдун жетекчиси банкка же башка кредит берүүчүгө ишкердик кылуучунун же уюмдун чарбалык же каржылык абалы жөнүндө атайылап жалган маалыматтарды берүү менен кредит алуудан, болбосо кредит берүүнүн жеңилдик берүүчү шарттарына жетүүдөн, бул жосундун чоң зыян алып келүүсүнөн көрүнгөн экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыш.
МЫЙЗАМСЫЗ РАДИОУКТУРУУ – эларалык мамилелердин туруктуулугуна кол салган эларалык мүнөздөгү кылмыш. М. р. үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги 1965-жылкы электр байланыштар конвенциясында, БУУнун 1982-жылкы деңиз укугу боюнча Конвенциясында, улуттук аймактардан сырткары жайгашкан станциядан берүүлөр жөнүндө алдынала кабарландыруу тууралу 1965-жылкы Европалык келишимде ж. б. белгиленген. Бул келишимдердин катышуучусу болгон мамлекеттер өздөрүнө башка чектеш өлкөлөрдүн калкынын кабылдоосуна арналган мыйзамсыз радиоуктуруулар же телекөрсөтүүлөр үчүн айыптуу кишилерди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга милдеттенме алышкан.
МЫЙЗАМСЫЗ ЭРКИНЕН АЖЫРАТУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, кишини зордоп кармап туруу менен басып жүрүү эркиндигин чектөөдөн көрүнгөн инсан эркиндигине каршы кылмыш. Эгер М. э. а. кишини зордоп кармоонун натыйжасында болсо, анда ал киши уурдоо катары каралуусу керек.
МЫЙЗАМ ҮСТӨМДҮГҮ – мамлекеттик аткаруу бийлигинин ишмердигиндеги анын өзү чыгарган мыйзамга негизделген ченемдик укуктук актылардын үстүнөн болгон конституциянын, мыйзамдардын үстөмдүгү.
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ – 1) мамлекеттин мыйзамдарды чыгаруудан көрүнүүчү өз иш-милдеттерин ишке ашыруудагы негизги усулдардын бири; 2) коомдук мамилелерди толугу менен же анын бир түрүн (жарандык мыйзамдарды, кылмыш-жаза мыйзамдарын ж. б.) жөнгө салуучу укук ченемдеринин жыйындысы. КРде «М. ч.» түшүнүгү өз ичине адатта: КР Конституциясын, конституциялык мыйзамдарды, мыйзамдарды, КР ЖКнын токтомдорун, КР Президентинин жарлыктарын, КР Өкмөтүнүн токтомдорун камтыйт. Ошентсе да, ар тармактын М. ч. тармагы өз өзгөчөлүктөрүнө ээ.
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ – бийликти бөлүштүрүүнүн теориясына ылайык, мамлекетте бири-бирин тең салмактап туруучу үч бийликтин бири. Ал өзү мыйзамдарды чыгаруу боюнча ыйгарым укуктардын жыйындысы, ошондой эле ал ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын тутуму болуп саналат. Демократиялык мамлекеттерде М. ч. б. атайын мыйзам чыгаруу органдары (парламенттер) менен гана эмес, референдумдарды өткөрүү жолу менен түздөнтүз шайлоочулар аркылуу дагы, ал эми айрым учурларда ыйгарым укуктарды же өзгөчө кырдаалдарда мыйзам чыгаруучулукту берүү иретинде аткаруу бийлик органдары аркылуу да ишке ашыралат. Азыркы учурда айрым мамлекеттердин конституцияларында М. ч. б. монарх жана мамлекетке же парламенттин палаталарына жана парламенттин ажырагыс бөлүгү катары мамлекеттин башчысына таандык экени тууралуу жобо камтылган. Чексиз монархияда жеке монархка гана таандык.
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БОЖОМОЛДОРУНУН КОМИССИЯСЫ – мурдагы СССРдеги СССР Жогорку Советинин ар бир палатасында, ошондой эле союздук жана автономиялык республикалардын Жогорку Советтеринде тийиштүү Жогорку Советтин бекитүүсүнө киргизилген мыйзам долбоорлорун даярдоо жана алдынала кароо үчүн түзүлгөн туруктуу комиссия.
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ДЕМИЛГЕСИ – мыйзам чыгаруу ишинин биринчи баскычы, белгиленген эрежелерге ылайык, мыйзам долбоорун мыйзам чыгаруу мекемесине ырасмий киргизүү. Өзүнүн артынан тийиштүү мыйзам чыгаруу органынын ал мыйзам долбоорун өз жыйынында кароо милдетин жаратат. КР Конституциясына ылайык КРде М. ч. д. укугунун субъектиси төмөнкүлөр: 30 миң шайлоочу (элдик демилге ); КР Президенти; КР ЖК депутаттары; КР Өкмөтү.
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ОРГАНДАРЫ (демократиялык мамлекеттерде) – конституция тарабынан негизги милдет катары мыйзам чыгаруу бийлигин ишке ашыруу жүктөлгөн мамлекеттик өкүлчүлүктүү мекемелер. Мындан сырткары М. ч. о. адатта мамлекеттик бюджетти бекитүү жана аткаруу бийлик органдарынын ишмердигине (өкмөттүн, президенттин ж. б.) көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле айрым бир башка ыйгарым укуктар: белгилүү чөйрөлөрдөгү (эсеп палатасынын аудиторлорун, акыйкатчыны ж. б.) жогорку кызмат адамдарын шайлоо (бекитүү, которуштуруу), эларалык келишимдерди ратификациялоо, мунапыс жарыялоо ж. б. укуктары таандык. Федерацияларда жана айрым борбордон ажыратылган унитардык мамлекеттерде М. ч. о. жалпы улуттук жана аймактык болуп бөлүнөт.
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ТЕХНИКАСЫ – мыйзамчыгаруу ишмердигин уюштуруу жана ишке ашыруунун жүрүшүндө мыйзам чыгаруунун субъекттери тарабынан пайдаланылуучу эрежелердин, усулдардын, каражаттардын жана ыкмалардын (аспаптардын) жыйындысы.