законодательство (законы)
МЫЙЗАМДАРДЫ ТУТУМДАШТЫРУУ (укук тутумдаштыруусу ) – ченемдик укуктук актылардын мазмунун сыртынан жана ичинен иштеп чыгуу жолу менен аларды биримдикке келтирүү жүрүмү. Ченемдик укуктук материалдын кандайча иштелип чыккандыгына жараша инкорпорация (консолидация) жана кодификация болуп ажыратылат.
Систематизация законодательства (систематизация права)
МЫЙЗАМДАР ЖЫЙНАГЫ – аракеттеги ченемдик актылар бир басылмага чогултулуп, белгилүү бир тартипте (тутумдуу, хронологиялуу) жайгаштырылып, мамлекет тарабынан ырасмий түрдө басып чыгарылган мыйзам актыларынын жыйнагы (м.: Юстиниан жыйнагы). КРде М. ж. КР ЖК, КР Президенти, КР Өкмөтү тарабынан ырасмий түрдө басылат.
МЫЙЗАМДАР КОЛЛИЗИЯСЫ (КАГЫЛЫШЫ) – бир эле маселе боюнча чыгарылган 2 же андан көп шарттуу аракеттеги ченемдик актылардын бири-бирине карама-каршылыгы (кагылышуусу). М. к. (белгилүү эрежелер боюнча) каралып жаткан кырдаалга колдонулуусу мүмкүн болгон ченемдик актыны тандап алуу жолу менен чечилет (м.: бирдей күчкө ээ 2 юридикалык актынын убактысы боюнча кийинки кабыл алынганы, атайын акты жалпы актынын алдында артыкчылыкка ээ болот.)
МЫЙЗАМДАР ТУТУМУ – анын булактарынын түзүлүшүн чагылдырган укуктун сырткы таризи (кара: Укук
булактары ). Жөнгө салынуучу мамилелердин мүнөзүнө, ошондой эле ченемдик
актыларды чыгаруучу органдардын, мамлекеттик органдардын даражалык тутумундагы
ээлеген ордуна жараша мамлекеттин колдонуудагы баардык ченемдик актылардын
бирдиктүү топтомун билдирген курамдык элементтерге бөлүнөт. Мыйзамдар тутумун
укук тутумунан айырмалоо зарыл. Биринчисинин баштапкы бөлүкчөсү ченемдик укук
актысы болсо, экинчисиники – укук ченеми.