Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМСЫЗ АҢЧЫЛЫК – тыюу салынган жерлерде, тыюу салынган мезгилде же тыюу салынган куралдар жана ыкмалар менен тийиштүү улуксаты жок аңчылык кылуу. М. а. үчүн мыйзамда адатта кылмыш-жаза же административдик жоопкерчилик белгиленген.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМСЫЗ БАЛЫК УУЛОО ЖЕ БАШКА СУУДА ӨНДҮРҮП ДАЯРДОО МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮ – КР аймактык сууларында ага тийиштүү улуксаты жок же тыюу салынган мезгилде, болбосо тыюу салынган жерлерде, тыюу салынган куралдар, ыкмалар жана ыгы менен балык, суу жаныбарларын өндүрүү жана башка сууда өндүрүп даярдоо иштерин жүргүзүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМСЫЗ БАНК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ – экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү каттоосуз же андай улуксат сөзсүз милдеттүү болгон учурларда атайын улуксаты жок (лицензиясыз), же лицензиялоонун шарттарын бузуу менен, ал жосундар жарандарга, уюмдарга же мамлекетке ири зыян алып келген, болбосо ири өлчөмдөгү киреше алуу менен байланышкан банк ишмердүүлүгүн (банк аткарымдарын) жүзөгө ашыруудан көрүнгөн кылмыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМСЫЗ ДАРЫГЕРЛИК КЫЛУУ – атайын медициналык билимге ээ эмес жана саламаттык сактоо органдарынын улуксат (лицензиясы) жок кишинин дарылоо менен, анын ичинде салттык эмес жана элдик медицинанын усулдары менен дарыгерлик кылуусу. М. д. к. үчүн мыйзамда адатта кылмыш-жаза же административдик жоопкерчилик белгиленген.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМСЫЗ ДЕП ЖАРЫЯЛОО – мамлекет тарабынан адамды укугунун (андай адамды кимдин да болбосун өлтүрүп коюусуна чейин) корголуусунан толук же жарым-жартылай айыруу. Айрым өлкөлөрдө ХХ кылымдын баш жагына дейре сакталып келген, жазалоонун байыркы түрлөрүнүн бири. М. т. ж. 1919-жылкы «РСФСР кылмыш-жаза укуктары боюнча жетектөөчү негиздеринде» дагы эскерилген.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМСЫЗ ЖОЛ МЕНЕН АЛЫНГАН АКЧАЛАЙ КАРАЖАТТАРДЫ ЖЕ БАШКА МҮЛКТҮ ЛЕГАЛДАШТЫРУУ («АДАЛДОО») – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыш. Объективдүү жактан алганда, көз көрүнөө мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттар же башка мүлктөр менен каржы аткарымдарын ж. б. бүтүмдөрдү жасоо, ага тете эле аны ишкердик же башка экономикалык иштер үчүн пайдалануу. Эларалык укукта кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу – 1990-жылдагы Страсбург конвенциясына ылайык эларалык мүнөздөгү кылмыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМСЫЗ ИШКЕРДИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, андай улуксат (лицензия) милдеттүү болгон учурда, ишкердик кылуу ишин каттоосуз же атайын улуксатсыз (лицензиясыз) ишке ашыруудан, же лицензиялоонун шарттарын бузуу менен ишке ашыруудан, ал жосун жарандарга, уюмдарга же мамлекетке ири зыян келтирүүсүнөн, ири өлчөмдө киреше алуусунан көрүнгөн экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМСЫЗ КРЕДИТ АЛУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, жеке ишкердик кылуучу же уюмдун жетекчиси банкка же башка кредит берүүчүгө ишкердик кылуучунун же уюмдун чарбалык же каржылык абалы жөнүндө атайылап жалган маалыматтарды берүү менен кредит алуудан, болбосо кредит берүүнүн жеңилдик берүүчү шарттарына жетүүдөн, бул жосундун чоң зыян алып келүүсүнөн көрүнгөн экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМСЫЗ РАДИОУКТУРУУ – эларалык мамилелердин туруктуулугуна кол салган эларалык мүнөздөгү кылмыш. М. р. үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги 1965-жылкы электр байланыштар конвенциясында, БУУнун 1982-жылкы деңиз укугу боюнча Конвенциясында, улуттук аймактардан сырткары жайгашкан станциядан берүүлөр жөнүндө алдынала кабарландыруу тууралу 1965-жылкы Европалык келишимде ж. б. белгиленген. Бул келишимдердин катышуучусу болгон мамлекеттер өздөрүнө башка чектеш өлкөлөрдүн калкынын кабылдоосуна арналган мыйзамсыз радиоуктуруулар же телекөрсөтүүлөр үчүн айыптуу кишилерди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга милдеттенме алышкан.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМСЫЗ ЭРКИНЕН АЖЫРАТУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, кишини зордоп кармап туруу менен басып жүрүү эркиндигин чектөөдөн көрүнгөн инсан эркиндигине каршы кылмыш. Эгер М. э. а. кишини зордоп кармоонун натыйжасында болсо, анда ал киши уурдоо катары каралуусу керек.