Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМДУУ ИШКЕРДИК ИШ-АРАКЕТИНЕ ТОСКООЛДУК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экономикалык иш чөйрөсүндө жасалган кылмыштар. Ал төмөнкүчө аныкталат: а) жеке ишкердик кылуучуну же коммерциялык уюмду каттоодон мыйзамсыз баштартуу же четтөө; б) белгилүү бир ишмердикти жасоого атайын улуксат (лицензия) берүүдөн мыйзамсыз баштартуу, болбосо аны берүүдөн четтөө; в) жеке ишкердик кылуучунун же коммерциялык уюмдун укуктары менен мыйзамдуу таламдарын алардын уюштуруу-укуктук же менчигинин түрүнө жараша чектөө, ошого тете эле алардын өзалдынчалуулугун чектөө, же болбосо жеке ишкердик кылуучунун же коммерциялык уюмдун ишине мыйзамсыз кийлигишүү, эгерде мындай жосундар кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу аркылуу жасалса.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМДУУЛУК (мыйзам үстөмдүгү) – баардык мамлекеттик органдардын, кызмат жана башка адамдардын мыйзамдарды жана аларга ылайык укук актыларын кыйшаюусуз аткаруусу. М. – укуктук мамлекетинин жана демократиянын белгилеринин бири.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

МЫЙЗАМДУУ ӨКҮЛ – мыйзамга ылайык баардык мекемелерде, а. и. соттордо жөндөмсүз, жөндөмү чектелүү, жөндөмдүү, бирок денсоолук абалына (жаш курагына, оору ж. б. боюнча) байланыштуу өзүнүн укуктары менен милдеттерин өздөрү ишке ашыра албагандардын жеке жана мүлктүк укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоочу жаран. Бул аракеттерди ишке ашыруу үчүн, сотко анын ыйгарым укуктарын күбөлөөчү документтер көрсөтүлөт. Кылмыш иштеринде күмөндүүнүн (айыпталуучунун), жабырлануучунун, күбөнүн ата-энеси, асырап алуучулар, камкорчулар, көздөөчүлөр ошондой эле иштин толук эмес жөндөмсүз катышуучулары багуусунда турган балдар үйлөрүнүн, майыптар үйлөрүнүн ж. б. ушул сыяктуу мекемелердин өкүлдөрү, камкорчу жана багып алуучу органдардын өкүлдөрү (эгер иштин толук эмес жөндөмсүз катышуучусунун башка М. ө. жок болсо, же алар ишке киргизилбесе) М. ө. болуп саналышат. Жарандык иште – ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар жана көздөөчүлөр М. ө. болушат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМДУУ ТӨЛӨМ КАРАЖАТЫ – ошол өлкөнүн аймагында мыйзам боюнча карызды жабууга милдеттүү түрдө кабыл алынуучу акча белгиси: банкноттор (банк билеттери), казыналык билеттер жана майдалоо тыйындары.