Киргизско-русский словарь Юдахина
кыргыз I
киргиз;
кыргыз эли киргизский народ;
кара кыргыз в значении киргиз, киргизы, киргизский народ встречается в эпосе "Манас"; в некоторых местах на юге Киргизии старики до сих пор себя называют кыргыз, а северных киргизов - кара кыргыз.
кыргыз- II
то же, что кырдыр-.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Орхон-Енисей жазууларында кыркыз, орто кылымдагы арабча маалыматтарда хырхыз түрүндө берилип келген сөз азыркы кезде кыргыз болуп өзгөргөн. Сөздүн этимологиясы анын байыркы кездеги формасына жараша аныкталат. Ошондуктан кыргыз деген аттын келип чыгышы жөнүндө айтылган толуп жаткан ар түрдүү пикирлердин ичинен Д. Банзаровдун кыргыз сөзү кырк+ыз формаларынан келип чыгат деген пикири туура дешке болот (Банзаров, 184). Азыркы кыргыз тилиндеги жалкы, эки сөздөрү өз бетинче турганда каткалаң к тыбышы менен айтылат. Ага -з мүчөсү уланганда к тыбышы жумшарып, г тыбышына өтөт. Мисалы: жалкы – жалгыз, эки – эгиз. Дал ушул сыяктуу кубулуш кырк//кырык деген сөзгө -з мүчөсү уланган учурда да болуп өткөн. Натыйжада кырык+ыз сөзүнөн кыргыз түрүнө келген. Байыркы кезде каткалаң к тыбышы жумшарбай, кыркыз түрүндө айтылышы басымдуу болгон. Мындагы -з мүчөсү байыркы кездеги көптүк санды билдире турган мүчө. Ошондо кыргыз сөзү кырктар дегенге жакын маани берген сөз болуп чыгат. Болжолу, байыркы кыргыздар кырк уруунун биригишинен түзүлгөн эл болгон, ошондуктан алар ушундай аталып калган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КЫРГЫЗ АКЫН-ЫРЧЫСЫ САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ (18671930) ЖАНА «МАНАС» ЭПОСУ» — америкалык түрколог окумуштуу Ильзе Лауде-Циртаутастын макаласы (орусчасы — «Советская тюркология», 1987, № 3; кыргызчасы — «Ала-Тоо», 1989, № 5, 52— 56-б.). Макалада Сагымбай Орозбак уулунун кыскача өмүр таржымалы берилип, манасчылык өнөр менен акындык өнөрдүн ширелишкен катышы тууралуу сөз болот. Акындык даремет, талант күтүү болгондо гана эпостун өзгөчө нускасы (варианты) жараларына басым коюлат. Манасчылардын түш көрүү аркылуу Манастын, анын чоролорунун бирөөнүн же Семетей, Сейтектердин аян беришинен кийин гана айта баштагандык салтын изилдөөчү эпостун зоболосун андан ары арттыруудагы айтуучулардын аракети катары баалаган. Сагымбайдын «Манастан» башка да санат-насыят ырларын, майда дастандарды аткаргандыгы, дарым ырларын билгендиги, санжырачы да экендигин айтып келип, кыргыз акын-ырчылары менен «Манас» эпосунун ортосуна биз али аңдап биле элек байланыштын болгондугу анык деген тыянак чыгарылган.
И. Абдувалиев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРГЫЗДАР — этноним. «Манас» эпосун жараткан эл. Бул эпопеяда кыргыз элинин нечен кылымдар бою башынан өткөргөн окуялары сүрөттөлгөн. Ушуга байланыштуу К-дын байыркы жана ошондой кылымдардагы тарыхына кыскача токтолууга болот. «Кыргыз» аты биринчи жолу орхон-эне-сайлык түрк эстеликтеринде кездешет. Ал эми кытай тилиндеги китептерде бул этноним андан мурун ар түрдүү иероглифтер (тамга) менен жазылып келген. Алардын транскрипциялары (чечмеленген) цяьгунь, хягас, хагас, сяцзясы, хэгасы, хэхэ, хякя, цилицисы, хэлецзы, циэргайсы жана киэрцзис. К. байыркы доордо Моңголиянын түндүк батышындагы Кыргыз-нур көлүнүн айланасында көчүп жүрүшкөн. Андан кийин алар биздин заманга чейинки доордун аяк чендеринде гунн урууларынын кысымынын натыйжасында Саян тоолорун ашып Миң-Суу (минусин) ойдуңуна көчүп барышып, жергиликтүү динлин уруулары менен аралаш жашашкан. Орхон-эне-сай рун жазуулары жана кытай китептеринде 6—9-кылымда Миң-Суу өрөөнүндө жашаган. К. жөнүндө маалыматтар көп кездешет. Бул мезгилдерде алар түрк кагандыгына (6—7-к.) баш ийишкен, бирок кандайдыр бир деңгээлде саясий өз алдынчалыгын сактап калышкан. Түрк кагандыгы узакка созулган согуштардын жана ич ара келишпес жаңжалдын кесепетинен начарлай баштаган. Бул абалдан пайдаланып, 745-ж. уйгур башкаруучусу Моюн-чур Саян-Алтайда жашаган уруулардын колдоосу менен түрк кагандыгын жеңип, Борбордук Азиядагы саясий бийликти колуна алган. Моюн-чурдун төңкөрүшүнө эне-сайлык К. да активдүү катышкан. Бирок, бир аз убакыттан кийин алар, Түштүк Сибирдеги башка уруулар сыяктуу эле уйгур кагандыгына күч менен бириктирилген. Бул абал деле көпкө созулган эмес. К. түндүк тараптан уйгур кагандыгына тез-тез кол салып турган. Мына ошондуктан Моюн-чурдан кийинки кан Мочжо Голе 758-ж. К-га каршы жортуул уюштуруп, алардын 50 миң жоокерин талкалаган. Буга карабастан уйгур каны К-га саясий өз алдынчалыгын берүүгө аргасыз болгон. Алардын ортосундагы күрөш 820-жылдардан баштап өтө күч алган. Жыйырма жылдык кармашуудан кийин уйгур канын жеңип алуусуна көзү жеткен кыргыз ажосу ага төмөнкүчө кабар берген: «Сенин өмүрүң бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду алып, анын алдында атымды байлайм, туумду саямын. Эгерде мени менен күч сынаша алсаң тез кел, анте албасаң тезирээк кет». Мына ушул мезгилдерде уйгур кагандыгынын ички жана тышкы абалы начарлай баштаган. 839-ж. эпидемия тараган, кышында кар калың түшүп, малдар ири чыгашага учураган, ачарчылык күчөгөн. Кандын ордосунда ич ара келишпөөчүлүк күч алган, сарай төңкөрүштөрү көбөйгөн. Чыгыш Түркстанда тибеттер менен болгон узакка созулган согуш өлкөнүн экономикалык абалын кыйындаткан. 840-ж. уйгур аскер башчысы Күлү Бага козголоң чыгарып, кыргыз канын жардамга чакырган. Ал болсо ушул жагдайдан пайдаланып, 100 миң аскер менен Эне-Сай өрөөнүнөн Моңголияга карай жортуулга чыгып, Орхон дарыясынын боюндагы уйгур кагандыгынын борбору Орду-Балыкты курчаган. Тарыхый маалыматтар боюнча кыргыз каны өзү уйгур башкаруучусунун ордосун талап, өрттөөгө катышкан. Акыркы уйгур каны Хэси Дэлэ өлтүрүлгөн. Уйгур каншасы (кытай принцессасы) Тай-хо колго түшүрүлгөн. Орду-Балыктын калдыгын археологиялык изилдегенде, анын К. тарабынан талкалангандыгы далилденди. Аны казганда «кыргыз вазалары» табылган. Ал буюм жумуртка формасында, ичке моюндуу, түбү жалпак, кооздолуп жасалган. Мындай вазалар К. жашаган Миң-Суу өрөөнүндөгү көрүстөндөрдөн табылган. Алардын Эне-Сай ойдуңунун башка райондорунан табылышы, К-дын 840-жылдары ал жерлерди каратып алгандыгын далилдейт. Мурун кыргыз канынын ордосу Миң-Суу өрөөнүндө болгон, 840-ж. кийин ал Танну-Ола тоосунун түштүгүнө, уйгур кагандыгынын борборунан 15 күндүк аралыктагы жерге көчүрүлгөн. Аны Батыш Моңголиядагы Улуу көлдөр айланасындагы кыргыз көрүстөндөрү ырастайт. Эне-Сайлык К. 9-кылымда саясий жактан күчөп турган мезгилде Түш. Сибирди жана Борбор Азияда көп райондорду каратып алышкан. Аны ошол жерлерден табылган археологиялык буюмдар аныктайт. К-дын өзүлөрүнө тиешелүү маданий, үрп-адат калдыктары эң алгач Хакассиянын Тюхтят өрөөнүнөн казылып алынган. Алардын өзгөчөлөнгөн белгилери төмөнкүдөй: өлгөн адамдардын сөөгүн өрттөп, анын калдыктарын бир жылдан кийин көрүстөнгө алып келип көмүшкөн. Көрүстөндөрдүн үстү боз үй формасында курулган. Кыргыздардын бул адаты кытай китептеринде да жазылып калган. Алардын көмүү адаттарынын мындай калдыктары Миң-Суу өрөөнүнөн алыс аймактардан да табылды. Бул археологиялык фактылардын жана китептердеги маалыматтардын негизинде 9—10-кылымда К-дын кайсы территорияга чейин барышкандыгын аныктоого болот. Эне-Сай К-ы түндүк тарапта Кызыл-Жарга чейин барышкан. Аларга тиешелүү көрүстөндөр ушул шаардын жанынан табылган. Уйгурлардын Кечжили тегин башчылык кылган бир бөлүгү азыркы Якутия-Байкал тарапты көздөй качып кетишкен. Алардын артынан К-дын баргандыгын Төмөнкү Иволга жана Хойцегордогу археологиялык табылгалар айгинелейт. Тегин Хэуче башчылык кылган уйгурлардын экинчи бир бөлүгү Моңголиянын чыгышында жашаган кидандарга качып кетишкен. Алардын артынан К-дын кууп барышын археологиялык табылгалар далилдейт. Чыгыш Моңголиянын Суджи аттуу жеринен кыргыз акимине (мүмкүн аскер башчысына) арналган эстелик биздин заманга чейин келип жетти. Анда мындай жазуу бар: «Уйгур жерине Йаглакар кан ата келдим. Кыргыз уулумун. Мен Бойла, даражалуу сотмун. Куттуу Бага таркандын буйрук берүүчүсүмүн. Атак-даңкым (кабарым) күн чыгышка, батышка тийди (жетти). Бай (бар) элем. Асылым (короом) он, жылкым сансыз эле. Иним жети, уулум үч, кызым үч эле. Уулумду үйлөндүрдүм. Кызымды калыңсыз бердим. Фкутуучума жүз эр, турак (жай) бердим. Жээнимди, неберелеримди көрдүм. Эми өлдүм. Уулум эр жеткенде окутуучуңдай бол. Канга кызмат кыл, кайраттан».
Орду-Балыкты К. алгандан кийин уйгурлардын ири бөлүгү түштүккө, Кытай чек арасына карай качып кетишкен. Алардын башында кан болуп шайланган принц Уцзе тегин турган. Ушул мезгилде кытай императору Уцзе кандын тобун К-дын күчү менен жок кылууга көп аракет кылган. Тарыхый маалыматтарга караганда 843-ж. кыргыз кошундары Эдзин-Гол өрөөнүндө жайгашкан уйгурларга ийгиликтүү чабуул жасашкан. Уцзе, андан кийин Энянь башчылык кылган уйгурлардын тобу Чоң Хинганга жана анын түштүк-батыш тарабындагы аймактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Кыргыз каны аларга каршы 848-ж. жортуул уюштурган. Биринчи министр Або башчылык кылган 70 миң кыргыз жоокерлери Гоби чөлү аркылуу өтүп, шивейлерди жеңип, уйгурларды туткундап кайтып келишкен. Моңголиянын Чыгыш-Гови аймагындагы Барун бигичт жергесинде аскага чегерилген атчан жоокердин сүрөтү табылган. Анын чегерүү ыкмасы, аттын жабдыктары Эне-Сай К-нын эстеликтерине өтө окшош экен. Б. В. Вольков Гобидеги бул сүрөттү К-дын уйгурлар менен күрөшүнө байланыштырат. Балким Барун бичигтеги аскага чегерилген атчан жоокер Або башчылык кылган кыргыз кошуну Гоби чөлүнөн өтүп бара жатканда тартылгандыр. 9—10к-да Эне-Сай К-ры түндүк-батышта Новосибирск, Томскиге чейин барышкан. Аны Кемеров жана Новосибирск областтарындагы К-дын тюхтях сыяктуу көрүстөндөрү айгинелейт. Томскинин жанында жана Жогорку Обдо өлгөндөрдү жөн эле көмүлгөн жана алардын өрттөө адаттарынын калдыктары табылган. Ал эми Новосибирскинин айрым райондорунан «кыргыз вазалары» казылып алынган. Эне-Сай К-ры 9—10к-да саясий жактан күчөп турган мезгилде Тоолуу Алтай аймагына да кирип барышкан. Ага Усть-Кан районунундагы Мөндүр-Соккон кыштагындагы Тарпак аттуу даңктуу кыргызга арналган руникалык жазуу далил боло алат. Ушул эле мезгилде Эне-Сай К-ы батышта Иртыш дарыясына чейин барышкан. Археолог Ф. X. Арсланова бул суунун боюндагы Бобров кыштагынан өрттөлүп же жөн эле көмүлгөн көрүстөндөрдү жолуктурган. Мындан тышкары ал Чыгыш Казакстандын Шемонайхинск районунан 14 сөөгү өрттөлүп көмүлгөн көрүстөндөрдү изилдеген. Айрым мүрзөлөрдө өрттөлбөй ат менен кошо көмүлгөн калдыктар да табылган. Ал эми кээ бир көрүстөндөрдүн ичинен өрттөлгөн жана аны менен бирге жөн эле көмүлгөн адамдардын калдыктары да кездешкен. Окумуштуулардын пикири боюнча мындай адаттар көчүп келген К. менен жергиликтүү кимактардын же башка уруулардын арала шып кетишинен пайда болгон.
Чыгыш авторлорунун маалыматтары боюнча Эне-Сай К-ы 840-жылдары канзада Пан-Тегин башчылык кылган уйгурлардын артынан Тянь-Шань жана Жети-Сууга чейин келишкен. 843-ж. алардын Кытай императоруна барган элчиси Табу Хэцзу мындай кабарды айткан: «Кыргыздар Аньси (азыркы Куча), Бэйтин (Бешбалык, урандысы Үрүмчү шаарынын жанында), дада (татар) жана беш аймакты (урууну) баш ийдирип алышты». Бул кабар кытай тилиндеги дагы бир эмгекте кайталанат. 843-ж. кыргыз ажосунун (башкаруучусунун) ордосуна барып келген кытай элчиси Чжао Фан да К-дын Куча менен Бешбалыкка чабуул коюп жаткандыгын кабарлаган. Перс тилинде белгисиз автор (10-к.) жазган «Дүйнөнүн чек арасы» аттуу китепте төмөнкүдөй мазмундагы маалымат жазылган: «Пенчул (азыркы Үч-Турфан) карлук өлкөсүндө жайгашкан, аны мурун тогуздар ээлеп турушкан, азыр кыргыздар басып алышты». Ушул эле эмгекте К-дын Жети-Суу, Чыгыш Тянь-Шандын аймагында жашап тургандыгы баяндалган. Анда карлук, ягма, тухси, чигил жана уйгурларды жогоруда аталган региондорго жана Орто Азиянын территориясында жайгаштырылган. Ал эми К. болсо алардын коңшусу катарында көп жерде эскерилет. Маселен, К. карлук менен чигилдердин түндүгүндө, тухсилердин чыгышында жайгаштырылган. Карлуктар Чу-Талас өрөөнүндө, тухси, чигилдер Ысык-Көлдүн айланасында жашашкандыгын билебиз. Демек, «Дүйнөнүн чек арасынын» автору К-ды Жети-Суу жана Чыгыш Тянь-Шань тоолоруна жайгаштырат.
Эне-Сай К-нын бир бөлүгү Тянь-Шань, Жети-Суу аймагына келгендигин археологиялык табылгалар да далилдейт. 1961-ж. Иле өрөөнүндөгү Текели шаарынын жанынан 76 темир жана коло буюмдары табылган. Алар 8—10к-да жасалыптыр. Бул буюмдар Чыгыш Казакстандагы кыргыз көрүстөндөрүнөн казылып алынган табылгалар менен өтө окшош экен. А. Н. Бернштам Нарын дарыясынын боюндагы көрүстөнү менен Эне-Сай өрөөнүндөгү 8—9-кылымдарга тиешелүү мүрзөлөрдүн көмүү адаттары окшош экендигин аныктады.
Талас өрөөнүнөн табылган 9—10-кылымдарга тиешелүү таштардагы «отуз огдан» рун жазуусунун Эне-Сай К-нын Тянь-Шань тоолоруна көчүп келиши менен түздөн-түз байланышы бар. 9-кылымда Эне-Сай К-нын бир бөлүгү Орто Азия, Чыгыш Тянь-Шанга көчүп келишип жашап калышкандыгын араб, перс, кытай тилинде жазылган китептердеги маалыматтар да далилдейт. 981—983-ж. кытай элчиси Ван Яньдэ уйгурлардын Турфан княздыгына барган. Ал ишине байланыштуу батышта Бешбалык шаарына чейин саякат жасап, көргөн, уккандары жөнүндө жазып калтырган. Анда К. ягма, чигил жана башка уруулар менен бирге Турфан мамлекетчесинин аймагында жашагандыгы баяндалган. Мүмкүн К. Ван Яньдэнин убагында Бешбалык калаасынын айланасында көчүп жүрүшкөн чыгар. Алардын 843-ж. ушул шаарды каратып алгандыгын эстен чыгарбоо керек. К-дын Бешбалыктын батыш тарабындагы көчүп жүргөндүгүн ошондой кылымдардагы башка авторлор да маалымдайт. Ал жөнүндө төмөндө сөз болот. 11 — 12-кылымдын аралыгында жашаган араб автору ал-Марвази да К-ды чыгыш Тянь-Шандын аймагына жайгаштырат. Анын маалыматы боюнча К. кимактардын түштүгүндө, ягма менен карлуктардын чыгышында, Куча жана Карашардын түндүк-чыгышында орун алышкан. Эгер бул кабарларды иликтесек К. 11-кылымда Чыгыш Тянь-Шандын Манас өрөөнүнүн ары-бери жагын мекендеп турганына шек кылууга болбойт. Маселен, ал-Марвазинин өзүнүн маалыматы боюнча карлуктар Алтай тоолорунан көчүп келип Или, Чүй жана Талас өрөөндөрүнө отурукташып калышкан. Мындан алардын чыгыш кошунасы К. экендиги айгинелеп турат. Окумуштуулардын пикири боюнча кимак уруулары 10-кылымда Иртыш дарыясынын Жуңгар тоолоруна чейин көчүп жүрүшкөн. Демек, ал-Марвази жазгандай К. алардын түштүк кошунасы болушкан. Жогоруда Эне-Сай К-ы өлгөндөрдү өрттөп көмгөндүгү жөнүндө археологиялык фактыларды келтирдик. Ал-Марвази бул алардын мурунку салты болгон, ал эми К. мусулмандардын кошунасы болгондон баштап өлгөндөрдү көмүү салтына өттү деп жазган. Чындыгында эле ислам караханийлер кагандыгынын мамлекеттик дини болуп, 11-кылымда чыгыш тарапта Черчен, Куча, Ала-Көлгө чейин тараган. Демек, ошол мезгилде Чыгыш Тянь-Шанда жашаган К. мусулмандардын кошунасы болгондуктан алардын таасири астында өлгөндөрүн көмүү салтына өтүшкөн. Перс автору Джувейнинин маалыматы боюнча кара кытайлардын гурханы Елюй Даши 1120-ж. чыгыштан Орто Азия тарапты карай келе жатып К-га жолуккан, алар катуу каршылык көрсөткөндүктөн Эмиль өрөөнүнө келип токтогон. Андан бир аз убакыт өткөндөн кийин гурхан Баласагунду, Кашкарды жана Хотанды каратып К-га каршы жоокерлерин жиберип, аларды жана Бешбалыкты жеңип алган. Бул маалымат К-дын 12-кылымда Бешбалык шаарынын жанында көчүп жүрүшкөндүгүн далилдейт. Моңгол каны Үгедейдин небереси Хаиду 13-кылымдын 2-жарымында Азия, Жети-Суу жана Чыгыш Түркстандын аймагында өз алдынча мамлекет түзгөн. Ал өлгөндөн кийин анын мурасчыларынын жана чагатаид канзаадаларынын ортосунда бийлик үчүн күрөш жүргөн. Мунун натыйжасында өлкөнүн экономикалык абалы начарлаган. 16-кылымдагы автор Махмуд ибн Вали бул жөнүндө мындай деп жазган: 1307—08-ж. Хайдунун мурасчысы Чапардын элчилери чагатаид Кенжеке келип, ич ара жаңжалдан пайдаланып кыргыз жана кытайлар талоончулук жолуна түшкөндүгүн айтышкан. Бул кабар 13—14-кылымда Хайду мамлекетинин аймагында К. жашап тургандыгын айгинелейт. Ошондой азиялык автор Абдар-Раззак Самаркандинин эмгегинде Тимурдун небереси Искендердин 14—15-кылымдын аралыгында Могулистанга жасаган жортуулу жөнүндө баяндалган. Андагы маалыматтар боюнча Искендер Или өрөөнүндөгү Алмалыктан жана Хотандан ондогон сулуу айымдарды, К-дан жана Бешбалыктан сүйкүмдүү кыздарды чоң атасына тартууга жиберген. Бул тарыхый факт К-дын 14—15-кылымда Бешбалык шаарына чектеш көчүп жүрүшкөндүгүн далилдейт.
1450-жылдардын аяк чендеринде Ак ордонун каны Барактын балдары Жаныбек жана Гирей башчылык кылган казактар Абу-алХайрдан качып Моголстанга көчүп келишкен. Ошол убактагы Моголстандын каны Эсен-Бука аларды Талас, Чүй жана Или өрөөндөрүнө орноштурган Махмуд ибн Валинин маалыматы боюнча бир аз убакыттан кийин эле Жаныбек, Гирейдин адамдары кыргыз, калмак урууларын талап-тоноого киришкен. Талоонго учурагандардын бири калмактар Иртыш-Или аралыгында жана Жуңгарияда көчүп жүргөндүгү белгилүү. Ал эми К. болсо Алмалык менен Бешбалык шаарынын ортосундагы райондордо жашап турушу ыктымал.
Махмуд ибн Валинин эмгегинде 1468-ж. Абу-ал-Хайрдын калмак, К-га каршы жасаган жортуулу жөнүндө маалымат бар. Ал армиясы менен Талас, Чүй өрөөнү аркылуу өтүп, азыркы Алматы шаарынан алыс эмес жерде ооруп каза болгон. Абу-ал-Хайрдын жүргөн бул жүрүшү калмак, К-дын биз жогоруда атаган аймактарда көчүп жүрүшкөндүгүн дагы бир жолу айгинелейт. 1541—47-жылдарда жазылган Мухаммед Хайдердин эмгегинде К-дын азыркы отурукташкан жерлерде жашап тургандыгы жөнүндө көп маалыматтар бар. Демек чыгыш авторлорунун маалыматтары жана археологиялык табылгалар Эне-Сай К-ы 9-кылымда саясий жактан күчөп турган доордо чыгышта Чоң-Хинганга, түштүктө Эдзин-Гол өрөөнүнө чейин барышкандыгын далилдейт. Алар батышта Иртыш дарыясына чейинки жерлерди каратып алышкан. Кытай китептериндеги фактылар Эне-Сай К-нын эң алгачкы бөлүгү Чыгыш Тянь-Шань тоолоруна 840-ж. келгендигин айгинелейт. Алардын 9—10-кылымда ушул региондо жана Жети-Сууда ири этникалык топ болуп жашап калышкандыгын айрым археологиялык материалдар, Ван-Яньдэнин жана «Дүйнөнүн чек арасы» китебиндеги маалыматтар далил боло алат. Ал эми ал-Марвази, Джувейни, Абдхар-Раззак Самарканди жана Махмуд ибн Валинин маалыматтары боюнча К. 11 — 15-кылымда ошол аталган аймактарда көчүп жүрүшкөн. Алардын негизги массасы Бешбалык менен Алмалыктын ортосунда жайгашкан. Мухаммед Хайдердин маалыматы боюнча чыгыш Тянь-Шандык К. 15—16-кылымда бара-бара Борбор Тянь-Шанды жана Батыш Кашгарияны ээлеп алышкан. 9—10-кылымдан кийин Эне-Сай К-ынын Тянь-Шань тоолоруна келиши жөнүндө эч кабар жок. Бирок алардын айрым бөлүктөрү кара кытай, моңгол жана калмактардын батышка карай жортуулдары менен бирге Тянь-Шандык К-га келип кошулушу ыктымал. Акырында айтарыбыз мурунку мезгилдерде ар кандай себептер менен Алтайга, Моңголияга, Тянь-Шань тоолоруна, Волга боюна, Кытайдын Фуюй уездине көчүп барышкан К-дын түпкү теги Эне-Сай өрөөнүн мекендеген.
Ө. Караев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКА ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ — жумуряттын элге билим берүү министрлигинин алдындагы илимий мекеме. 1951-ж. негизделген. Педагогика жана психология, кыргыз тили жана адабиятын окутуу, орус жана чет тилдерин окутуу, башталгыч класстар жана мектепке чейинки тарбия берүү, тил эмес предметтерди окутуу усулу бөлүмдөрү, китепканасы, аспирантурасы бар. Кырктан ашык оригиналдуу окуу китептери жана окуу куралдары даярдалган, жыл сайын 60 басма табак көлөмдүн айланасында усулдук китептер институттун грифи менен басылып чыгып, мектептерге жиберилет. Предметтер, факультативдик окуулар, предметти тереңдетип үйрөтүү боюнча 100дөн ашык программа түзүлгөн. Институтта улуттук мектептерде бардык предметтерди окутуунун жеке усулдары менен кыргыз салтына, үрп-адатына байланыштуу этнопедагогикалык теориялар изилденет. «Русский язык и литература в киргизской школе» (1958) илимий-методикалык журналы эки айда бир жолу чыгат. Аталган журналда «Манас» эпосуна байланыштуу бир нече макалалар жарыяланган. Кыргыз тили жана адабияты секторунда ар кайсы мезгилде эмгектенишкен окумуштуулар (Б. Алымов, Т. Саманчин, В. Шнейдман, Н. Кангелдиев, С. Байгазиев, С. Рысбаев) «Манас» эпосун окутуу боюнча илимий-методикалык изилдөөлөр жүргүзүшкөн. Т. Ормонов жана Д. Саалиева эпостогу тарбиялык идеялар жана бул чыгарманы окутуу боюнча диссертация жазган. Институт уюштурган илимий конференцияларда, педагогикалык окууларда жалпы билим берүүчү мектептерде эпостун проблемасына арналган ондогон докладдар окулган.
А. Муратов, Б. Кыдырбаева

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Банковская холдинговая компания в Кыргызской Республике (Banking holding company) —Согласно законодательству Кыргызской Республики банковской холдинговой компанией считается материнская компания, дочерней компанией или одной из дочерних компаний которой является банк.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Официальные курсы иностранных валют в Кыргызской Республике (Official exchange rates in Kyrgyz Republic) —Отражают цены денежных единиц иностранных валют, выраженные в единицах национальной валюты Кыргызской Республики (сом), определяемые Национальным банком для целей использования в учете и расчетах без обязательства Национального банка покупать/продавать иностранные валюты по этим курсам.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Казначейское обязательство Правительства Кыргызской Республики (Treasury obligation of the Government of Kyrgyz Republic) —Казначейские обязательства - государственные ценные бумаги, выпускаемые Министерством финансов и являются именными, документарными ценными бумагами.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Национальная карта Кыргызской Республики (National card) —Карта системы «Элкарт», выпускаемая любым эмитентом – резидентом Кыргызской Республики, заключившим соответствующий договор с оператором национальной платежной системы.  

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

кыргызча-орусча онлайн котормочу

Кыргызчадан-орусчага которгон онлайн котормочуларга Google Котормочу кызматы кирет. Кыргыз тили бул кызматка Kyrgyz Translate Community (Кыргыз котормочулар коомдоштугу) аракети менен 18.02.2016 кирген. 

Эл-Сөздүк - кыргызчадан орусчага сөздөрдү сөздүктөрдүн жардамы менен которгон онлайн сөздүк.

 

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРГЫЗ СОВЕТ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ — алты томдон турган улуттук универсал энциклопедия (Фр., 1976—80). Мындан тышкары «Кыргыз ССРи» жана «Киргизская ССР» деген атайын томдор, «Кыргыз Совет Энциклопедиясынын көрсөткүчү» сыяктуу 6 томдуктун уландысы да кошо жарык көргөн. Ар бири үч колонка менен басылып, 608—670 беттен турат. Энциклопедиянын томдору 619—684 сүрөт, 12—23 карта, 33—38 баттама же 396—557 түстүү сүрөт, 20—25 түстүү карталар менен кооздолгон. Тиражы 25 000. КСЭни жазууга эл чарба адистери, илимпоздор, жазуучулар, искусство кызматкерлери, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер жана башкалар (450—650 автор) катышкан. Бул улуттук-универсал энциклопедияда илимдин бардык тармактарынан кыскача так кабар берилип эле тим болбостон, кыргыз элинин өткөндөгү тарыхынан, маданиятынан, салт-санаасынан кеңири түшүнүк берген макалалар да бар, анын ичинде элибиздин сыймыгы, маданий байлыгы болгон «Манас» эпосуна, анын бөлүмдөрү «Семетей» менен «Сейтекке» да кеңири орун берилип, ар бир бөлүм жөнүндө өзүнчө макала жазылган. «Манас» эпосу менен «Манас» операсына атайын кара-ак баттама берилген. Ошондой эле манастаануу боюнча маалыматтар да бар. Белгилүү манасчылар: Тыныбек Жапый уулу, Чоюке Өмүр уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Акмат Рысменде уулу, Мамбет Чокмор уулу, Дуңкана Кочуке уулу, эпосту жыйнаган жана изилдеген окумуштуулар: С. М. Абрамзон, М. Ауэзов, Ы. Абдыракманов, В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, Ч. Валиханов, В. М. Жирмунский, Ө. Жакишев, X. Карасаев, А. X. Маргулан, К. Мифтаков, Е. Поливанов, В. В. Радлов, К. Рахматуллин, Т. Сыдыкбеков, Б. Юнусалиев жана башкалар жөнүндө таржымал макалалар берилген. КСЭде, ошондой эле «Манас» эпосуна байланыштуу театр чыгармалары жөнүндө маалыматтар да келтирилген. «Айчүрөк» жана «Манас» операсы, алардагы негизги ролдорду аткарган СССРдин, Кыргыз ССРинин эл артисттерине, эпостун жарык көргөн китептерин көркөмдөгөн же эпостун темасы боюнча иштеген сүрөткерлерге, чыгарма боюнча тартылган сүрөттөргө (Б. Жумабаев, Т. Т. Герцендин сүрөттөрүнө) да орчундуу орун берген. «Манас» эпосуна байланыштуу тартылган даректүү фильмдер («Манасчы» жана башкалар) жөнүндө, ал фильмдердин режиссёр, операторлору жөнүндө маалыматтарды да КСЭнин томдорунан табууга болот.
Ж. Сагынов

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КЫРГЫЗ ССР ТАРЫХЫ» (Фр., 1-т. 1984)— эмгекте «Манас» эпосуна чакан бөлүм арналган (11-бап, § 3). Анда эпостун варианттарындагы биринчи манасчы деп эсептелинген Ырчыуул («Ырамандын баласы, Атпай журтка көрүндү,... Эртели-кечти бир жүрүп, Эрмек болсун бизге деп, Эр Манас айтып салганы», Сагымбай Орозбаков, 2. 93) жана Жайсаң ырчыдан тартып («Баатыр Жайсаң даңгыл бар», Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 93) Саякбай Карала уулуна чейинки манасчыларга мүнөздөмө берилген. Андан кийин «Манас» эпосунун жаралышы жөнүндө окумуштуулардын пикирлери тизмеленген. Айрыкча эпостун мазмуну кыргыз элинин байыркы доордон тартып 18-кылымдарга чейинки башынан өткөргөн тарыхый окуяларды камтый тургандыгы, алардын төрт катмары тууралуу маалыматтар камтылган. Акырында «Манас» эпосунун жана ал жөнүндө 16-кылымда жазылган «Мажму ат-таварихтин» мазмунуна кыскача мүнөздөмө берилген.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КЫРГЫЗСТАН КӨРКӨМ АДАБИЯТТА» — библиографиялык көрсөткүч китеп, автору библиограф Ж. Айсаракунова. «Кыргызстан» басмасынан 1983-ж. чыгарылган (184 б.). Ага «Манас» эпосунун жарык көргөн китептери, ал жөнүндөгү адабияттар киргизилип, көрсөткүчтүн 10—13-беттеринен орун алган. «КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ ЛЕКСИКАЛАРЫ» [жооптуу редактор Ошпур Мамбет (Артыш), Кызыл-Суу кыргыз басмасы, 1986, 340 б. араб арибинде] — кытайлык тарыхчы А. Байтурдун китеби. Эмгек 1983-ж. Пекиндеги Борб. улуттар институтунун Кыргыз курсу үчүн окулган лекциялар жыйнагынын биринчи бөлүгү болуп саналат. Мындагы тарыхый окуялар кыргыздар жана алардын эзелки ата-бабалары жашаган Орто Азия, Борбор Азия жана Түштүк Сибирдеги алгачкы жамааттык коомдон тартып, Чыгыш Түркстандын жаңы доорунун орчундуу мезгили — 1911-жылга (цин-манжур сулалеси кулаган кез) чейинки доорду өзүнө камтыйт. Лекциялар жыйнагы он баптан (тароодон) турат. Эмгектин экинчи тароосунда кыргыздар тууралуу тарыхый санжыраларды жана уламыштарды өзгөчө бөлүп карайт. А. Байтур «Манас» менен «Семетейдин» бириктирилип 1958-ж. Фрунзеде жарыяланган китептерине шилтеме берет (33, 41—43-б.). Тарыхчылардын ичинен алгачкылардан болуп Жусуп Мамайдын нускасын булак катары пайдаланат (186— 188-б.). Кыргыздар менен кытайлардын жана кара кытайлардын тарыхый байланыштарын чагылдырууда эпосту пайдаланып (алтынчы тароодо), А. Байтур Алмамбет баатырдын Манаска жолукканга чейинки ысымы Сушуйа экенин (Жусуп Мамайдын айтуусунда) белгилеп, бул каармандын прототиби катары (1124жылдан тартып Түндүк Кытайдан батышка кач кан кидандардын (кара кытайлардын) канзаадасы Элли Тайши (орусча — Елюй Даши) каралуусу мүмкүндүгү тууралуу божомол кылат. Алмамбет дал ушу Элли Тайшинин өзү болбосо да анын доорун чагылдырган эпостук каармандын образы экенин (188-б.) белгилейт. «Манас» эпосунун маалыматтары этнографиялык жагдайда өз орду менен пайдаланылган. Мисалы, кыргыздардын ошондой кылымдардагы кол өнөрчүлүгүнүн үлгүсү катары Манастын жоокердик курал-жарактары эскерилет.
Т. Чороев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРГЫЗ ТЕАТРЫ ЖАНА МАНАС. Совет дооруна чейин кыргыз элинин маданий турмушунда улуттук профессионал театр болгон эмес. Бирок эл өзүнүн көп кылымдык тарыхында театр элементтерине бай кайталангыс искусствосун жаратып келген. Театр элементтери элдик үрп-адаттарда сакталган. Чоң жыйындарда, аш-тойлордо миңдеген адамдар чогулушкан. Аткаруучу белгилүү бир темада даярдыгы болбосо да алып баруучулук милдетин жана негизги аткаруучулук ролду да аткарган. Төкмө акындар, куудул-чечендер, элдик ырларды аткаруучулар, эпос айтуучулар чыгармаларды элестүү жаңдоо, ымдоонун коштоосунда аткарышкан. Мисалы, манасчылардын аткаруучулугу жалгыз актёрдун театрын элестетет. Айтуучу эпостун мазмунун берүүдө ар бир каармандын образына жараша түрүн өзгөртүп турган. «Манас» үчилтиги боюнча 30-жылдардан баштап драма, опера либреттолорун жазып театр сахнасына алып чыгууга аракеттенишкен. Алардын алгачкысы — «Айчүрөк» (1938) операсы. Операнын негизин Айчүрөктүн Семетейге болгон сүйүүсү, кыргыз элинин чет элдик баскынчыларга каршы патриоттук күрөш темасы түзөт. Либреттосун К. Маликов, Ж. Бөкөмбаев, Ж. Турусбеков жазышкан. Музыкасы Б. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференики. Эпикалык лирикалык опера адегенде (1939) кыргыз музыкалык драма театрында коюлган. Ушул эле жылы Москвада өткөрүлгөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында да коюлат. Башкы ролдорду биринчи аткаргандар: Айчүрөк —С. Кийизбаева, Семетей — Ж. Садыков, Чынкожо — А. Боталиев, Күлчоро — А. Малдыбаев, Чачыкей — А. Махмутова, Калыйман — А. Куттубаева. Кыргыздын улуттук искусствосунун классикасына айланган «Айчүрөк» операсы 1986-ж. кайра редакцияланып Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлат. Дирижёр коюучусу К. Молдобасанов, режиссёру К. Арзиев, У. Сарбагышов. Башкы партияларда: Семетей — Э. Касымов, Б. Миңжылкыев, А. Мырзабаев; Айчүрөк — Э. Молдокулова, К. Сартбаева; Акун кан — А. Муртазин, А. Мүсүралиева; Бакай — А. Абдукаимов, В. Муковников; Чынкожо — X. Мухтаров. Опера жаралган күнүнөн бери үзгүлтүксүз коюлуп, 1989-ж. операнын 50 жылдык юбилейинде 650-жолу коюлгандыгы белгиленген. «Манас» эпосуна арналган экинчи баатырдык-патриоттук опера «Манас» операсы Кыргыз мамл. опера жана балет театрында (1946) коюлган. Либреттосу К. Маликов менен Токомбаевдики, режиссёрлору А. Куттубаев, В. Васильев, сүрөтчүсү Я. Штоффер, музыкасы В. Власов, А. Малдыбаев, А. Ференики. Операнын негизин «Манас» эпосунун Көкөтөйдүн ашына байланышкан окуялар түзгөн. Операнын 2-редакциясы (1966) Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган. Режиссёрлору Р. Захаров, А. Куттубаев. Дирижёр К. Молдобасанов, сүрөтчү А. Арефьев, балетмейстер К. Мадемилова, хормейстерлер С. Юсупов, К. Алиев. Башкы партияларда Манас — К. Чодронов, Каныкей — С. Кийизбаева, Канайым — К. Сартбаева, Коңурбай — X. Мухтаров. Операнын бул вариантында Манастын образы демократташтырылып, элдик баатырларга айланат да, патриоттук кыймылда көпчүлүктүн ролу көтөрүлөт.
1945-ж. Өзгөн театры К. Маликовдун «Сейтегин», 1946-ж. Т. Сыдыкбеков менен Рахматуллиндин «Манас менен Алмамбетин» коёт. Режиссёру К. Төлөбаев.
1982-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетейди» даярдайт. Режиссёрлору Ж. Абдыкадыров, Б. Ибраев; музыкасы К. Молдобасановдуку, сүрөтчүсү М. Сыдыкбаев. Башкы ролдордо: Каныкей — Ж. Сейдакматова, М. Далбаева, Семетей—М. Токтобаев, Бакай — А. Жаманов, Жакып кан — С. Далбаев, Сарытаз — К. Досумбаев, Чыйырды — Д. Күйүкова. Бул спектаклди мыкты аткарып элге жеткиргендиги үчүн (1987) Ж. Садыков, Ж. Абдыкадыров, Д. Күйүкова, С. Жаманов, С. Далбаев, Ж. Сейдакматова, К. Досумбаев Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болушкан. «Манас» эпосуна кайрадан кайрылып Ж. Садыков «Сейтек» драмасын жазат. Анын режиссёру Б. Ибраев, музыкасы К. Молдобасановдуку, сүрөтчүсү М. Исхаков. Башкы ролдордо: Сейтек — Э. Бекболиев, Ч. Думанаев, Айчүрөк — Т. Абдуразаева, Каныкей — Ж. Сейдакматова, Бакай — С. Жаманов, Чачыкей — М. Далбаева, Күлчоро — И. Эшимбеков, Кыяс — К. Досумбаев. «Манас» үчилтигин драма үчилтигине жеткирүү үчүн Ж. Садыков «Айкөл Манас» драмасын жазат. Аны режиссёр Б. Ибраев даярдап Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына 1990-ж. алып чыгат. Сүрөтчүсү М. Исхаков, М. Сыдыкбаев, композитору К. Молдобасанов. Негизги ролдорун: К. Досумбаев — Манас, А. Осмонов — Кошой, С. Жумадылов — Бакай, К. Дулатова — Чыйырды, М. Далбаева — Каныкей, И. Эшимбеков — Алмамбет, Ч. Думанаев — Чубак, Э. Бекболиев — Сыргак, Т. Бердалиев — Коңурбай, М. Асанбаев — Нескара, А. Жолдошев — Жолой. Кыргыз эли үчүн «Манас» үчилтиги түгөнгүс жомок, ошондой эле кыргыз театры үчүн да бул эпос түгөнгүс булак. Кыргыз искусствосунун чеберлери бул түгөнгүс булакка дагы да далай кайрылышат.
Ж. Молдобаев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КЫРГЫЗ ФОЛЬКЛОРУНУН ТАРЫХЫНАН» — Э. Абдылдаевдин «Манас» эпосунун маселелерине арналган макалалар жыйнагы (Фр„ 1983). Жыйнакта: «Элибиздин поэтикалык чыгармачылыгын тарыхый принципте изилдейли», —деген макалада элдик оозеки чыгармачылыкты тарыхый принциптин негизинде изилдөөнүн методологиялык куралы катарында колдонуу, фольклор жөнүндөгү советтик илимдин улам жетишкен тажрыйбаларын, эффективдүү илимий методдорун чыгармачылык менен пайдалануу жана ата-бабаларыбыздын башынан өткөргөн тарыхын терең үйрөнүү сыяктуу принциптүү маселелер каралат. «Залкар эпик ырчы» аттуу макалада Саякбай Каралаевдин варианты нын өзгөчөлүгү, анын дастандары (Эр Төштүк, Делдеш баатыр, Талгар мерген жана башкалар), чыгармалары [Унутулгус күндөр (1967), Эстен кетпейт (1957)] тууралуу кеңири сөз болот. А. Маргуландын «Шокан жана Манас» деген монографиясына (Алматы, 1973) илимий мүнөздө баа берген макаласы да автордун бул китебинен орун алган. «Манастын образынын тарыхы тууралуу» макаласында «Мажму ат-таварих» кол жазмасындагы Манас баатыр жөнүндөгү маалыматтарга жана эпостун колдо болгон материалдарындагы фактыларга таянып, «Манас» деген ысымдын чыгышы тууралуу ой жүгүртөт. «Алмамбеттин образынын тарыхы тууралуу изилдөө» макаласында Р. Сарыпбековдун «Алмамбеттин образынын эволюциялык өнүгүшү» (Фр., 1977) аттуу монографиясы жөнүндө сөз болот. «Көкөтөйдүн ашынын тарыхы» аттуу макалада автор эпостун сюжеттик системасындагы «Көкөтөйдүн ашы» аттуу эпикалык окуянын пайда болушу жөнүндө иликтөө жүргүзөт. ««Манас» эпосундагы, Бээжин деген топоним жөнүндө» деген макаласында бул топонимдин эпоско кирүүсүнүн тарыхый негиздерине токтолот да өз оюн бир катар ишенимдүү фактыларга таянып бекемдейт.
М. Мукасов

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Кыргызча-түркчө. Бул онлайн сөздүккө 2 кыргызча-түркчө сөздүк (Абдыгулованын жана Сагынбаеванын) кирген. Бул сөздүктөргө кирген котормолорду табыш үчүн "фильтр" баскычын басып, "Кыр-Түр" же "Түр-Кыр" иргемесин иштетесиз.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Kırgızca-Türkçe sözlük. Бул онлайн сөздүккө 2 кыргызча-түркчө сөздүк (Абдыгулованын жана Сагынбаеванын) кирген. Бул сөздүктөргө кирген котормолорду гана табыш үчүн "фильтр" баскычын басып, "Кыр-Түр" же "Түр-Кыр" иргемесин иштетеңиз.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Kırgızca-Türkçe sözlük. Бул онлайн сөздүккө 2 кыргызча-түркчө сөздүк (Абдыгулованын жана Сагынбаеванын) кирген. Бул сөздүктөргө кирген котормолорду гана табыш үчүн "фильтр" баскычын басып, "Кыр-Түр" же "Түр-Кыр" иргемесин иштетеңиз.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Kırgız-Türkçe Sözlük. Бул онлайн сөздүккө 2 кыргызча-түркчө сөздүк (Абдыгулованын жана Сагынбаеванын) кирген. Бул сөздүктөргө кирген котормолорду гана табыш үчүн "фильтр" баскычын басып, "Кыр-Түр" же "Түр-Кыр" иргемесин иштетеңиз.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Kırgızca-Türkçe sözlük. Бул онлайн сөздүккө 2 кыргызча-түркчө сөздүк (Абдыгулованын жана Сагынбаеванын) кирген. Бул сөздүктөргө кирген котормолорду гана табыш үчүн "фильтр" баскычын басып, "Кыр-Түр" же "Түр-Кыр" иргемесин иштетеңиз.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Kırgızca-Türkçe sözlük. Бул онлайн сөздүккө 2 кыргызча-түркчө сөздүк (Абдыгулованын жана Сагынбаеванын) кирген. Бул сөздүктөргө кирген котормолорду гана табыш үчүн "фильтр"  колдонуңуз. Керектүү сөздү терип баштаганда астында фильтр тактасы пайда болот. Ачылган тизмеден "кыргызча-түркчө" же "түркчө-кыргызча" багытын тандап алыңыз.

кыргыз тилинен түрк тилине гана которуу иргемеси

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыргыз эли чоңдуктарды ченөөдө, (өлчөөдө) колдонулган чен бирдиктер. Кыргыз чен бирдиктери төмөндөгүлөр: салмак бирдиктери – жың, батман, чексе, бут, кадак, челек, кап, мыскал ж. б. Аянт бирдиктери – бармак басым, алакандай, үй орду, танап, теше ж. б. Убакыт бирдиктери – көз ирмем, чай кайнам, эт бышым, күн, күнү-түнү, жума (апта), ай, жыл, кылым ж. б. Узундук бирдиктери – эли, укум, сөөм, карыш, төш жери, кулач, бута атым, чакырым, тай чабым, ат чабым ж. б.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Көбүнчө чымчык, бөдөнө сыяктуу майда канаттууларды алуучу жырткыч куш. Түлөк кыргый. Кыргый салуу.
Кыргыйдай тийүү — бирөөгө тартынбай катуу тийүү, тайманбастан качыруу, чакчелекейин чыгаруу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлү ачылып, жакшы болуп, жеңилденип, өзүн жакшы сезип, жеңил сезип калуу (көбүнчө сыркоо адамга карата). «Апа, кандайсыз?» деген кыздын суроосуна «бүгүн кыргыйдай болуп калыптырмын» деп күлүп койду («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көңүлү ачылып, жакшы болуп, жеңилденип, өзүн жакшы сезип, жеңил сезип калуу (көбүнчө сыркоо адамга карата). «Апа, кандайсыз?» деген кыздын суроосуна «бүгүн кыргыйдай болуп калыптырмын», - деп күлүп койду («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир аз таарынышкан, араздашкан мамиле. – Ой, аны кой. Болуш агаң менен кызыл көз чал кыргый кабак (Нурпеисов). Агаларым Сүйөө карыя менен кыргый кабак экен деп, менин тескери караганым кандай (Нурпеисов). Анархан Саламатханга таарынып, ошондон бери кыргый кабак болуп жүргөн (Жантөшев). Бир аз айтыша кетип, кыргый кабак болуша түштүк («Ала-Тоо»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРГЫЛЧАЛ, Кыргыл, Айнакул — кырк чоронун башчысы, эпостун бардык варианттарында айтылган туруктуу каарман. Сагымбай Орозбаков вариантында өз аты Айнакул, К. ылакап аты делет. Эпосто К. баатырлыгы, эрдиги менен катар куйту, бузукулук кылып, адамдарды чабыштырганга маш кейипкер катары сүрөттөлөт:
Кырктын башы Кыргылчал,
Кыркында көпкөн жинди чал.
Келген чоро улугу,
Кеби тентек, чорт кыял
Кырк чоронун бузугу
Бузукчулук ойлогон
Буттайын бузуп ийсе да
Буудан Манас кабылан
Бузду экен деп койбогон (Саякбай Каралаев, 1. 195).

Эпосто К-дын бузукулук иштери бир топ эпизоддордо айтылып, кээде каармандар арасында карама-каршылыктарды, пикир келишпестиктерди туудурат. Варианттардын баарында кезигүүчү Чубактын Алмамбеттен чалгындын жолун талашып чыр чыгарышына К-дын бир кытайга тең болбой оорукта калдың деген бузуку кеби себепчи болот. Ошондой эле Саякбай Каралаевдин варианты ндагы Чубактын тарынып кетиши, Коңурбайдын Таласка жасаган чабуулу да К-дын Чубак менен Каныкейдин көңүлү жакын деп Манаска жамандагандыгынын натыйжасы. Радлов жазып алган вариантта К-дын бузукулугу атасына кызмат кылып согушуп жүрүп чарчадык, эми баласы алдына салып айдап жүрүп өлтүрөт деп куйтуланып азгырганы кырк чоронун качышына, Семетейдин колунан өлүшүнө алып келет. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манас өлгөндө кырк чоронун Абыке, Көбөш тарапка өтүп кетишинде да К. негизги ролду ойнойт. К-дын терс сапаттары жөнүндө Букардан Таласка келгендеги сөзүндө Каныкей мындай дейт:
Кырк чоронун кыйшыгы
Кыргыл чал какшаал өлдүбү?
Кыргыл чал чочко өлбөсө,
Кыямат жүзүн көрбөсө Кең
Талас бизге жер болбойт,
Алты агаң бизге эл болбойт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 309—310).

К-ды кырк чоро менен кошо Семетей өлтүрөт.
С. Төлөгөнова

Киргизско-русский словарь Юдахина
резня, бойня;
кыргында кан өлөт погов. в сече (и) хан погибает;
кыргын сал- устроить резню, массовое истребление;
кыргын болду много (людей) погибло;
кызыл кыргын кровопролитная резня, поголовное истребление;
кызыл кыргын кылыңар фольк. поголовно всех истребите;
кыргын салуучу ав. уст. истребитель.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Көбүнчө казандын түбүн, кырмычык кырууга ылайыкталып жасалган кыска, сабы туурасынан ашталган калакча. [Энеси] кыргыч менен казан кырат (Байтемиров).
2. Апийимди кырып, жыйнап алуу үчүн ылайыкталып жасалган кичинекей калакча.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көбүнчө казандын түбүн, кырмычык кырууга ылайыкталып жасалган кыска калакча. Энеси кыргыч менен казан кырат (Байтемиров) 2. Апийимди кырып, жыйнап алуу үчүн ылайыкталып жасалган кичинекей калакча.