Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОРКУНУЧТА КАЛТЫРУУ – эгер күнөөлөнүп жаткан адам жабырлануучуга жардам кылууга мүмкүнчүлүгү болгон жана ага камкордук кылууга милдеттүү болгон же анын өмүрү үчүн коркунуч келтирген абалга өзү кириптер кылган учурларда, өмүрү жана денсоолугу коркунучта калган же жаштыгына, карылыгына, оорусуна байланыштуу өзүнө-өзү жардам бералбаган жактарды жардамсыз калтырууга байланышкан кылмыш укугундагы адамдын жеке кертбашына каршы жасалган кылмыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОРКУНУЧТУУ ЖҮКТӨР – өздөрүнө таандык касиеттерден улам, белгилүү бир жагдайларда, жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткарууда жана сактоодо жарылууга, же техникалык каражаттардын, жабдуулардын, курулуштардын ж. б. темиржол унаа объектилеринин кыйроосуна, ошондой эле адамдардын, айбанаттардын кырылуусуна, жаракат алууларына, ууланууларына, күйүүлөрүнө жана ооруларына алып келүүчү, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө зыян келтирүүчү заттар, материалдар, буюмдар, өндүрүштүк ж. б. иштердин калдыктары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОРКУНУЧТУУ КАЛДЫКТАР – өзалдынча жана ошондой эле башка заттар менен аралашканда адамдардын саламаттыгы жана курчап турган айлана-чөйрө үчүн түздөнтүз же кыйыр коркунуч келтирүүчү, өзүнүн курамында коркунучтуу (ууландыруучу,жуктуруучу, жардыруучу, күйүүчү, жогорку реакциялык мүмкүнчүлүктүү) касиеттердин бирин камтыган, алар жетиштүү санда жана түрдө болгон (радиоактивдүүлөрдөн башка) калдыктар.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. то же, что коркунучтуу;
коркунчулуу жол опасный путь;
коркунчулуу күн жизнь, сопряжённая с опасностями, с большими трудностями;
2. боязливый, трусливый;
түн ичинде уктабай, зикир чалат кожолор, коркунчулуу адамга пикир салат кожолор фольк. ночью ходжи не спят, устраивают раденья, боязливым людям внушения делают ходжи.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от корк- II
1. пугать, устрашать;
2. эвф. (о больном) быть в опасном состоянии;
катуу коркутуп жатат (больной) при смерти или уже умер (когда сообщают о близкой смерти или о кончине близким людям).