Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от колдо-
употреблять, применять (в качестве руководства);
ач кандай чара колдонгон жок не было принято никаких мер;
колдонгон чаралардын аркасында принятыми мерами, благодаря принятым мерам.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир ишти аткарууга пайдалануу, жумшоо, ошол аркылуу аракет кылуу, иштөө. Курал колдонгонго уруксат жок. Күрөшүүнүн жаңы ыктарын колдонуп, техникасын арттыруу. 2. Жетекчиликке алуу, колдонмо катары пайдалануу. Жаңынын салтын колдонуп, Жоготтуң эски жорукту (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мансабына, күчүнө таянып өз билгендей иштете берүү, эркине койбоо, үстөмдүк кылуу. Бир атанын тукумдары жесир-жетим деп, бизди колдон келет кылгыңар бар экен го?! (Сыдыкбеков). В.: Колдон келди кылуу. Ал мени колдон келди кыла албайт. Ал сени колдон келди кыла берет («Ала-Тоо»).

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Колдонмо програм (кыскача колдонмо) – бул белгилүү бир тапшырманы аткаруу үчүн иштелип чыккан көмпүтердик програм. Сөздүн түбү англис тилиндеги application software термининен келет. Колдонмону адатта жеке колдонуучулар урунат. Буга смартфонго орнотулган TikToK, Instagram, YouTube, WhatsApp, Google Photo, SpotifyNetflix ж.б. кирет.

Колдонмо програм деп програмдар жалпысын айтылат. Андан тышкары, көмпүтердин иштешин камсыздаган iOS, Android, Windows, Linux  сыяктуу операциондук системдер (ОС) жана “үтилиттер” аталган көмөкчү програмдар өзүнчө классты түзөт.

Колдонмолдор көмпүтердин операциондук системи менен бирге же өз алдынча орнотулушу мүмкүн. Менчиктөө укуктарына карата колдонмо ачык булактуу же жабык кодду болот.

"Колдонмо" термини көбүнчө смартфон сыяктуу мобилдик түзмөктөрдө иштеген колдонмо програмдарды билдирет.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ар нерсеге эпчил, өтө тың, чыйрак, шайдоот. Ошо кезде колдон суурулган шылуун ырчы, чоорчу Адылдын жээни Болот деген жигит... таежеси Мөөргө сырдаш өсөт (Бейшеналиев). Колдон суурулган эптүү, амал-айлалуу Баракан жаңы өкмөткө ак дили менен кызмат өтөгөн адам болуп көрүндү (Сыдыкбеков). Өзү колдон суурулган эпчил, ат үстүнөн үч адамга алдырбас камбыл жигит («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ар нерсеге эпчил, өтө тың, чыйрак, шайдоот. Ошо кезде колдон суурулган шылуун ырчы, чоорчу Адылдын жээни Болот деген жигит таежеси Мөөргө сырдаш өсөт (Бейшеналиев). Колдон суурулган эптүү, амал-айлалуу Баракан жаңы өкмөткө ак дили менен кызмат өтөгөн адам болуп көрүндү (Сыдыкбеков). Өзү колдон суурулган эпчил, ат үстүнөн үч адамга алдырбас камбыл жигит («Ала-Тоо»). В.: Колдон түшкөн. – Ай таң. Бала чагында эле куулдак эле. Колдон түшкөн берен болуптур (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күч алуу, абдан күчөп туруу же өтө кызыган, абдан жандуу абалда болуу. Карышкыр колдон талашып турганда өтө сак болбосо кыйын (Жантөшев). Ормуш өзү баштап ушинтип жатканда, башкалар кантип карап турсун. Колдон талашып иштешпейби (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Күч алуу, абдан күчөп туруу же өтө кызыган, абдан жандуу абалда болуу. Карышкыр колдон талашып турганда өтө сак болбосо кыйын (Жантөшев). Ормуш өзү баштап ушинтип жатканда, башкалар кантип карап турсун. Колдон талашып иштешпейби (Байтемиров).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛДОНУУНУН КЕПИЛДИК МӨӨНӨТҮ – даярдап чыгаруучу пайдалануу эрежелерин так сактаганда гана, колдонулган буюмдун сапаты туруктуу боло тургандыгы тууралуу керектөөчүгө берилген кепилдигинин мезгил аралыгы. Кепилдик иштем К. к. м-нүн бир түрү болуп эсептелет, бирок ал башка бирдиктер менен өлчөнөт (м.: автоунаа каражаттарынын жүргөн чакырымы боюнча).

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Колдонуучунун графикалык интерфейси (GUI) – колдонуучуларды көмпүтер менен экрандагы визуалдык элестер аркылуу иштешүүнү камсыздаган гаврфикалык кабык. Көмпүтердин операциондук системи мындай интерфейстин мисалы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛДОН ЧЫГАРЫЛГАН ПАЙДА – төмөнкү жагдайлардан улам жак тарабынан алынбай калган киреше же башка жыргалчылыктар: милдеттенмени аткарбай коюу менен анын укугун бузгандыктан; ага зыян келтирүүдөн. КР жарандык мыйзамдарында К. ч. п. адатта алынбай калган киреше болуп саналып, чыгымдын ажырагыс бөлүгү катары ордун толтуруп берүүгө жатат.