Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
наёмная подвода; плата за подводу, за провоз; извоз;
киреге түш- ехать на наёмной подводе;
алты атандан чиркеген киреге келген төөң жок фольк. у тебя нет для перевозки шести верблюдов, связанных гуськом (как в караване);
жол кире уст. транспорт;
кызыл кире уст. красный обоз.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Акыга жүк ташуучу жалданма араба. Каныбек кире акысын төлөөнү ойлоду (Жантөшев). Кире толо үйүлгөн, Китеп тура бардыгы (Аалы).
¨ Кызыл кире — эгин жүктөлгөн арабалардын тобу. Кызыл кире күндө нече Мамлекетке дан ташып (Нуркамал). Жол кире к. жол.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Акыга жүк ташуучу жалданма араба. Кире тартып жолго чыгууга даярданды (Токомбаев). Каныбек кире акысын төлөөнү ойлоду (Жантөшев). 2. Жол жүрүүгө сарпталуучу чыгым, каражат. Курортко путевка, жол киресин алып беришти (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИРЕ ЖАЛДООЧУ – жетим бекетине чейин деңиз аркылуу өз жүгүн ташууга берген кире жалдоо келишиминин бир тарабы. К. ж. өзара шартташылган жүктү өз маалында берилүүсүн камсыз кылып, шартташылган киреакысын төлөөгө милдеттүү.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Турмуштун өтө татаал абалына учурап, жашоодон аша кечкен көрүнүшкө карата колдонулат. Кирейин десе - жер катуу, өлөйүн десе - жан таттуу көрүнүп, мөгдөгөн ал чоң ташка сүйөнүп отурду (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Турмуштун өтө татаал абалына учурап, жашоодон аша кечкен көрүнүшкө карата колдонулат. Кирейин десе – жер катуу, өлөйүн десе – жан таттуу көрүнүп, мөгдөгөн ал чоң ташка сүйөнүп отурду (Осмоналиев). В.: Кирейин десе – жер катуу. Тракторчунун ошондогу уялганын айтпа, кирейин десе жер катуу («Адабий Ала-Тоо»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИРЕЛӨӨ АВАНСАСЫ – 1) кире жалдоочу же жүк жөнөтүүчү тарабынан суубекетте (портто) жүк жүктөө чыгымдарын жабуу үчүн кеме ээсине берилүүчү акча өлчөмү. Адатта кире жалдоо эмгек акысы катары каралгандыктан, кайырып берилбейт. Ушуга байланыштуу жүк ээсинин камсыздандыруу кызыкчылыгы болгондуктан, К. а. камсыздандыруу объектиси боло алат; 2) жалпы кирелөө эсебине алдынала төлөнгөн акча. Эгер жүк тартуу боюнча келишим шартында жүк ташуу акысы көздөгөн жерде гана төлөнө тургандыгы көрсөтүлсө, кеме башы жүк жүктөгөн суубекетте тарткан чыгымдары үчүн жалпы кирелөө өлчөмүнүн 1/3 бөлүгүн талап кылууга акысы бар. Бул төлөм коносаментке жазылып, кийин көздөгөн жеринде төлөнүүчү жалпы кирелөө көлөмүнөн чыгарып салынат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ист. батрак в байском хозяйстве (иногда бедняк нанимался всей семьёй);
киренди кир- пойти в батраки;
киренди кирип бир байга, бир эчки алып алты айга стих. нанявшись к баю батраком, получал одну козу за шесть месяцев;
2. перен. приспешник, прислужник.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакырчылыктан, жокчулуктан байдын, башка бир оокаттуу адамдын үйүнө кирип, жумушун иштеген, кулданган кембагал. Киренди кирип бир айга, Бир эчки алып алты айга (Барпы). Мага десең Калбүбүңө киренди кирип алгын (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерседен катуу корккондуктан же аябай уялгандыктан эмне кыларын билбей калуу, айласы кетүү. Башкы врачтын көзүн көргөндө бөйпөңдөп, кирерге жер таппай калат (Бердикеев). Коркконунан үрөйү учуп, кирерге жер таппайт (Тойбаев). Ал ошондо гана кыздын эмне максат менен келгендигине түшүнүп, кирерге жер таппай, бети чымырады (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерседен катуу корккондуктан же аябай уялгандыктан эмне кыларын билбей калуу, айласы кетүү. Башкы врачтын көзүн көргөндө бөйпөңдөп, кирерге жер таппай калат (Бердикеев). Коркконунан үрөйү учуп, кирерге жер таппайт (Тойбаев). Ал ошондо гана кыздын эмне максат менен келгендигине түшүнүп, кирерге жер таппай, бети чымырады (Саатов). В.: Кирерге жай таппоо. Кокустан күн бүркөлүп, сыдырым шамалы ызгаар аралаш сокчу болсо, кирерге жай таппай, корголойсуң! (Абдукаимов). Кирерге ийин таппай калуу. Кулубек байкем акырая бир караса, кирерге ийин таппай калар (Айтматов). Кирерге көр таппоо. Душман кирерге көр таппай калды («Ала-Тоо»). Кирерге көр, жашынарга жер таппоо. Душман кирерге көр, жашынарга жер таппай, жаагы жап болду («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Эсесин чыгаруу, акыбетин кайтаруу, мээнетинин акысын алуу, түйшүктүн жыргалын көрүү. Сен киресин чыгарганча мен эмне кылышым керек? (Саатов). Ошондо тамчы суунун киресин чыгарды (Жусупов). Мен үчүн далай жылы таттуу уйкуңду бузуп, эми ошонун киресин чыгарып, укта дегин, -деди Жылдызкан (Байтемиров). 2. Көргүлүктү көрсөтүү, азабын тарттыруу. Мына кызык, жети түндө кыз бала эркек менен ээн талаада жүрүппү? Шашпа, киресин чыгарам (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эсесин чыгаруу, акыбетин кайтаруу, мээнетинин акысын алуу, түйшүктүн жыргалын көрүү. Сен киресин чыгарганча мен эмне кылышым керек? (Саатов). Ошондо тамчы суунун киресин чыгарды (Жусупов). Мен үчүн далай жылы таттуу уйкуңду бузуп, эми ошонун киресин чыгарып, укта дегин, – деди Жылдызкан (Байтемиров). 2. Көргүлүктү көрсөтүү, азабын тарттыруу. Мына кызык, жети түндө кыз бала эркек менен ээн талаада жүрүппү? Шашпа, киресин чыгарам (Саатов). В.: Кысасын чыгаруу. Баягылардын кысасын чыгарды.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИРЕШЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ ЖАРНАК – мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдары өзүнүн жана жакын туугандарынын менчигиндеги КРде жана чет өлкөлөрдө жайгашкан мүлктөрү жөнүндөгү төмөндөгүдөй маалыматтар: а) кыймылсыз мүлк; б) кыймылдуу мүлк – транспорт каражаттары, акча каражаттары (улуттук жана чет өлкөлүк валюта менен), баалуу кагаздар, уюмдардагы аларга тийешелүү үлүштөр, баалуу жана жарым баалуу металлдардан, баалуу жана асыл таштардан жасалган зергер буюмдар, мал-жаны жана көңүлгө алынбай тургандардан башка жандыктары, жарандарга жана юридикалык жактарга болгон мүлктүк талаптар, ошондой эле мыйзам чегинде маданий байлык, байыркы буюм деп таанылган нерселерди чагылдырат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИРЕШЕНИН НЕГИЗГИ БУЛАГЫ – баардык табылганын 75 пайызынан кем эмесин берген экономикалык ишмердиктин түрү. Өзү өндүргөн айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жана анын кайра иштетүү азыктарын сатып өткөрүүдөн түшкөн киреше айыл чарбасы үчүн К. н. б. болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИРЕШЕ ОБЛИГАЦИЯЛАРЫ – өз наркы боюнча капитал кайтарыла турган облигация, бирок анын пайызын төлөп берүүгө кепилдик берилбейт жана ал эмитенттин ишмердүүлүгүнүн натыйжасына түздөнтүз көзкаранды болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИРЕШЕ ОБЛИГАЦИЯСЫ – капитал өз наркы боюнча кайтарылып, ал эми пайыз төлөмүнө кепилдик берилбеген жана ал эмитенттин иш-аракетинин натыйжасына түздөнтүз көзкаранды болгон облигация.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИРЕ ЭЭСИ – бүтүндөй кемени же анын бир бөлүгүн же белгилүү бир кеме жайын берүү шарты менен, сыйакы үчүн жүктү деңиз аркылуу жетим бекетине чейин жеткирүү милдетин өзүнө алган кире жалдоо келишиминин бир тарабы.