(в эпосе) название дорогой материи;
келинге кете кийгизди, керегин журтка тийгизди фольк. молодух он в кете одел, народу он нужен стал.
зат. Эпостордо: баалуу материянын аты. Келинге кете кийгизди, Керегин журтка тийгизди («Манас»).
1. Кымбат баалуу кездеменин түрү. Арзан иш эмес ойлочу, Алтын, кете арттырып («Эл адабияты»). 2. Аялдардын баалуу кездемеден жасалган бешманты, кемсели. Келинге кете кийгизип, Кете тондун этегин, Керилтип жерге тийгизип («Манас»). Кете тон кийип жаркылдап («Семетей» С. К.).
Өлүү, каза болуу, турмуштан өтүү. Кийинки жылы отпускага чыгып, айлына барып келсе, кайран киши небересин ойнотуп отуруп кете бериптир (Сыдыгалиев).
Өлүү, каза болуу, турмуштан өтүү. Кийинки жылы отпускага чыгып, айлына барып келсе, кайран киши небересин ойнотуп отуруп кете бериптир (Сыдыгалиев).
тар. Согушта колдонулуучу союл. Кылычы кынга асылуу, Кетелек курга чатылуу («Эл адабияты»).
(в эпосе) название дикого животного.
кетелик (фольк.), кетелик ке
КЕТЕЛИК — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдү койгондо катышат.
движение вспять;
кетенчик тарт-
1) пятиться;
2) перен. отступать от намеченного.
этиш. 1. Артка кетүү, артка жылуу, чегинүү. Атабек кетенчиктеп чыга жөнөдү (Жантөшев). [Айгүл].. акырын кетенчиктеп олтуруп эшикке жакындады (Жантөшев).
2. өт. Өксүү, начарлоо, артка кетүү. Иши оңолбой, улам кетенчиктеп туруп алды.
1. пятиться, отступать;
кетенчиктеп барып тамга сөөндү попятившись, он прислонился к стене;
2. перен. деградировать.
1. Артын карай кадам шилтөө, чегинүү, артын көздөй жылуу. Айла канча! Рудольф кетенчиктей басып, кайра чыкты (Баялинов). Айгүл акырын кетенчиктеп отуруп, эшикке жакындады. (Жантөшев). 2. өт. Өксүү, начарлоо, артка кетүү. Биздин ишибиз күндөн-күнгө кедери кетип, кетенчиктеп баратат («Чалкан»). 3. өт Ийменүү, тартынуу, батына албоо, айбыгуу. Ушул сөздүн кезеги келгенде, тилимдин учунда турса да, кетенчиктеп айта албадым (Айтматов).
кетенчикте этишинин аркылуу мамилеси.
кетенчиктет-, кетенчик тетти
кетенчикте этишинин аркылуу мамилеси.
кетенчикте этишинин кыймыл атоочу.
кетенчикте этишинин кыймыл атоочу.
кетече, кетечик (баштык);
кетечиги, кетечикке
кетече, кетечи
то же, что кетечик;
кетече баштык ичимен кемпирдин жогу табылды стих. в вышитом мешочке нашлась пропажа старухи.
Майда буюм-терим салуу үчүн кооздолуп, саймаланып тигилген баштык. Кетеченин ичинен, Дайынсыз кетти дареги («Мендирман»).
кетече менен бирдей. Кең баштыктын ичинен, Кетечинин түбүнөн, Алып чыкты бир буюм («Эр Төштүк»).
этн.
вышитый мешочек (заменявший рабочую шкатулку европейских женщин), который женщины носили на шее как украшение.