Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир ишке, ой-тилекке, максатка ж. б. каргаша болгон, зыяны тийген жоболоңдуу окуя, кырсык, тескери жорук-жосун, кыянат. Тоюп эсирген адамдардын кесепети бечара-карыптарга тийчү болду (Элебаев). Каардуу согуштун кесепети Сүлүктүгө да тийди (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кесепети бар, кесирлүү, каргашалуу, жоболоңдуу, кырсыктуу. Айыл арасында көзгө илинбей бугуп жаткан эскиликтин кесепеттүү натыйжасын эске албапмын («Ала-Тоо»). Бул жолдун кесепеттүү окуяларын мен жакшы билем («Ала-Тоо»). Кесепеттүү адам экенсиң да, сен турганда ишибиз оңолчудай эмес («Чалкан»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕСЕПЧИЛИК (АЛДАМЧЫЛЫК) – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган бирөөнүн менчигине каршы жасалган кылмыш, уурдоонун зордук-зомбулуксуз таризи. Ал бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылып алууну же алдоо жолу аркылуу мүлккө ээ болууну же бирөөнүн ишениминен пайдаланууну түшүндүрөт. Кайра кайталанган, көмүскө бүтүм аркылуу жасалган, ошондой эле кызмат абалынан пайдалануу менен өтө ири өлчөмдө, уюмдашкан топ тарабынан жасалган К. квалификациялуу болуп эсептелет.