карын I
1. живот, брюхо, желудок (у человека и животных; ср. курсак);
карды (иногда карыны) его живот, его брюхо, его желудок;
кардым ток я сыт;
кардым ач я голоден;
ач карын на голодный желудок;
2. кутырь (желудок коровы или овцы, употребляемый в качестве сосуда для хранения масла, топлёного сала);
бир карын май кутырь масла;
козу карын
1) кутырь ягнёнка, маленький кутырь;
козу карын май маленький кутырь масла;
2) гриб (гл. обр. сморчок);
дени-кардың сообу? как твоё здоровье?, здоров ли ты?
карындан чыккан бала родное (матери) дитя;
сары карын бээ кобылица, имевшая трёх-четырёх жеребят;
сары карын катын женщина, рожавшая два-три раза;
төө карын небольшая впадина на склоне горы;
бите карын то же, что битекарын;
тогуз карын см. тогуз.
карын II
поколение;
бир карын оодарылды поколение изменилось (от старого не осталось никого, народилось новое).
зат. 1. Адамдардын, жаныбарлардын тамак сиңирүүчү органы.
Эттин баарын, ичек-карыны менен казанга салдырышты (Баялинов).
- 2. Ич, курсак. Дыйкандардын карды ток, Соодагерде нысап жок (Токтогул).
¨
Таз карын к. таз.
Ач карын — тамак иче элек, ачка бойдон.
Алар наар татпастан, ач карын бойдон жөнөштү (Абдукаримов).
Бите карын — битир, зыкым, сараң.
Ак төөнүн карды жарылган убак — күз мезгили, бышыкчылык убак.
Козу карын к. козу.
карын, карынга
карын бөлө
карын-карта
карын энелик
1. Адамдардын, айбандардын тамак сиңдирүүчү органы. Карын токто кайгы жок, Каалагандын айбы жок (Тоголок Молдо). Тондун жеңдери жаңы сойгон жылкынын кардындай былбырады (Токомбаев). Келсең кардың жарылды (Токтогул). ||Койдун, эчкинин же кийиктин ушул органынан май куюуга, сүзмө салууга ж. б. ылайыктап иштетилген идиш. Майды жалаң гана карынга куйбастан, мөөндөргө да куя беришет (Абдукаримов). || Ушундай идишке куюлган май же сүзмө. Кубанычын кандырсам, Карын-карын май берет («Эр Төштүк»), Карын-карын май, сүзмө салып келе турган энекең бар эмеспи («Ала-Тоо»). Карын майга, Капырдын сөзүн козгойсуң (Калмырза). 2. Ич, курсак. Чиедей төрт жаш балдары, Карын ачка, кийми жок (Токомбаев).
КАРЫНБАЙ, Карымбай — эпизоддук кейипкер, малга кароо, сараң адам. «Кишичилик чаркы жок» К. кезинде «ат баштаган алтыны» (алты мал) алып, Манас менен Каныкейге өкүл ата болгонун Манас өлгөндөн кийин унутуп коёт (к. Өкүл ата). Манастан калган мал-мүлктү «алты арам» талап кеткенде Каныкейден кер торпогун аяп, а түгүл камчы көтөрүп ыза кылат, өзүнүн адамгерчилиги жоктугун көрсөтөт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 28—29). Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгына жана «Манас» эпосуна К-дын образы курандагы Карун жөнүндөгү уламышка байланыштуу кирген. Уламышта К-дын аябагандай сараңдыгына ачууланган Алла тааланын буйругу менен К-дын мал-мүлкү, үй-жайы ташка айланып, өзүн жер соруп кеткен делет. Азыр «Карынбайды жуткан жер» деген топоним да Ош жергесинде бар.
1. Куранда: малынан зекет бербей, жер соруп кеткен ач көз адам. 2. өт. Ач көз сараң, дүнүйөгө, малга тойбогон адам. Карынбай малга тойгон эмес, Улукман жашка тойгон эмес (Макал).
Бир тууган эже-сиңдиден туулган балдар. Карын бөлө ал эле («Семетей» С. К.).
карындаш I
1. племянница (по мужской линии, если она моложе дяди);
2. младшая сестра (в отношении брата, но не сестры; ср. сиңди 1);
3. родственник;
карындаш тууган кровный родственник.
карындаш II
р. разг.
карандаш;
колунан карындаш түшүрбөй не выпуская из рук карандаша.
I зат. 1. Өзүнөн кичүү кыз бир тууган (эркек бир туугандан кичүү кыз). Ысмайылдын бойго жеткен карындашы бар (Жантөшев). «Сен жүрө албайсың» деген карындашына Аскар (Сыдыкбеков).
2. Жалпы өзүнөн кичүү кыз-келиндерге карата айтылуучу сөз.
КАРЫНДАШ II туурасы: карандаш.
карындаш (кыз бир туу¬ ган)
племянница (по отн. к дяде)сестренка (по отн. к брату)
1. Өзүнөн кичүү кыз бир тууган (эркек бир тууганына карата). Карындашы Динарды үйгө калтырып келгенине Аскар азыр өкүнүп да калды (Сыдыкбеков). Манастын жалгыз карындашы (Бөкөнбаев). || Аталаш туугандардын өзүнөн кичүү кыздары (аталаш эркек туугандарына карата). Бул кыз – менин карындашым. Экөөбүздүн аталарыбыз бир тууган – деп, Омор Жамалдын жөн-жайын түшүндүрө баштады («Ала-Тоо»). 2. Жашы улуу эркектер өзүнөн кичүү кыз-келиндерге, аялдарга кайрылуу иретинде айтыла турган сөз. Эмгекте жүргөн карындаш, Турмуштун көркү, жайдарым (Бөкөнбаев). «Мыскал карындаш» дешип, ал кызга сый тааныштай мамиле кылышат (Сыдыкбеков). – Эсенсизби, карындаш жан! (Нуркамал).
карындаштык, карын даштыгы, карындаш тыкка
карындыз (кара ындыз, кара андыз)
бот.
девясил.
карандыз менен бирдей. Бел кырчоого келип калган калың карындыздардын арасына отура калды (Жантөшев).
Бала жаңы төрөлгөндөгү биринчи чач.
КАРЫН ЭНЕ – жанжардам түйүлдүгү салынгандан кийин баланы боюна көтөрүүчү аял.