1. неясные очертания, контуры (виднеющегося вдали предмета); силуэт; эрбейген караан көрүнөт (вдали) что-то (маленькое) шевелится; бириндеген караандар көрүно баштады начали показываться едва заметные одиночные силуэты; караанын көрүп завидев его силуэт; карааны көрүнбөй кетти он исчез бесследно; караанын үзүп скрывшись из виду; караан-бараан признак чего-л., что-либо виднеющееся; эч кандай караан-бараан көрүнбөдү никаких признаков чего-л. не было видно; 2. величина, количество; алардын карааны эки жүздөн артык на взгляд их было более двухсот; 3. перен. опора, защита, покровительство; сизди караан кылып келдим или сизди караандай келдим я пришёл искать у вас защиты; аз гана кыргыз элиңе, эми, качан караан болосуң? фольк. когда же ты станешь опорой своему малому киргизскому народу? калыстыктын өзү болбосо да, карааны турсун если уж нет настоящей объективности, то был бы хоть намёк на неё; караанын көргөзбөй качып жүрөт удирает, и близко не подпуская к себе; его с собаками не разыщешь.
зат.1. Нерсенин алыстан көрүнгөн сөлөкөтү. Чаргынды караанынан эле тааныды (Сыдыкбеков). Эки караан жакындап келе жатат (Жантөшев).
2. Бир нерсенин көрүнүш көлөмү, канчалык экендиги. Алардын карааны эки жүздөн артык.
3. өт. Медер, жөлөк, бел, таянч, тирек, жардамчы. Каргадай жалгыз иниңдин Караан болгун жанына («Эр Табылды»). Кырк миң колго барабар Кырк жигит менин карааным («Курманбек»).
1. Нерсенин алыстан көрүнгөн элеси, сөлөкөтү. Караанын көрүп айылдын, Суусунан өттүм Нарындын (Казыбек). Кечирээк токой четинен караан көрдүм («Ала-Тоо»). Жалгыз караан өзүнчө кыңылдап ырдап, орто көчөдө келе жатты (Убукеев). Айланада эч кандай караан же табыш билинбейт (Жантөшев). Каухарым-ай, кайдан кезиктиң, Карааның кайберендей кайып болуп (Гапаров). Айтматовдун алп карааны көрүнөт, Сөздөрүнөн Шоола шаңы төгүлөт (Акматалиев). 2. Бир нерсенин сыртынан, алыстан байкалган жалпы көлөмү, көрүнүш абалы, канча экендиги. Суук көзгө карааны, Беш-алты жүз чамалуу (Тоголок Молдо). Удургуган көп караан, Оттоп жүргөн мал бекен? («Курманбек»). Дүмүрөйгөн көп караан, Токойбу десем, эл экен («Манас»). 3. өт. Бел кылар таяныч, жөлөк, медер, тирек. Кырк миң колго барабар, Кырк жигит менин карааным («Курманбек»). Мага караан эле болуп бер (Бейшеналиев). Айчүрөктүн баласы, Эгерде эркек уул болсо, Караан кылып алалык («Сейтек»).
заметить очертания; подойти на такое расстояние к предмету, чтобы были видны его очертания; артымдан караандай эле жүрүп отурду он ехал сзади на некотором расстоянии от меня; деги караандабайт и близко не подходит.
1. Карааны көрүнөрлүк, көзгө илешерлик абалда болуу, ошончолук деңгээлде жакындап баруу. Калмактардын артынан Кетип барат караандап («Эр Табылды»). Сен учканда карап туш-туш, Санаа жетпей, Шамал жетпей, караандабай шумкар куш (Осмонов). 2. Айрым белгилери боюнча окшош, түспөлдөш келүү, жакындашуу, туура келүү. Биздин мектептин имараты силердин мектепке караандабайт экен да («Жаш ленинчи»). 3. Караан тутуу, баш калкалоо. Суукка үшүп уча албай, Караандап торгой келди эми («Олжобай менен Кишимжан»). Келатыпсың, кулунум? Эр Манасты караандап («Эр Табылды»).
понуд. откараанда- дать возможность приблизиться к себе; подпустить к себе на такое расстояние, чтоб стать хотя бы чуть видным; караандатпай идя далеко впереди; үч жолу байгеге түштү, үчөөндө тең караандатпай чыгып келди (этот конь) трижды участвовал в скачках и во всех трёх был далеко впереди; чабышта жыйырма аттан караандатпай чыгып келген на скачках он шёл далеко впереди двадцати коней; орокчуларга караандатпайт он идёт далеко впереди (других) жнецов (т.е. жнёт быстрее всех).
караандаш I заметный, видный; мен да караандаш болчу жан элем фольк. я тоже был заметным человеком. караандаш- II взаимн. откараанда- быть близко друг к другу; экөөңүн арыз-муңуң меникине караандашпайт ваша печаль (букв. печаль вас двоих) ничто по сравнению с моей (букв. и близко не подходит к моей).
1. Бирине бири көрүнгөндөй, караандары жакын аралыкта. Алар бири-бирине караандаш бастырып келатышты («Ала-Тоо»). 2. Өз ара жакындыгы, окшоштугу бар, бири-бирине барабарлаш, тең чамалуу. Кайсы жагынан алса да силер менен биз караандаш эле болуп жүрбөйбүзбү? («Ала-Тоо»). 3. караанда этишинин кош мамилеси. Бул айткандарың чындыкка караандашпайт.
1. Дайыны жок, дайынсыз, дарексиз, белгисиз. 2. Карааны көзгө илешпес узакта, ыраакта, алыс. Ат караансыз келе жатат. 3. Караша турган, бел кылар, таянар адамы жок. Жетим калып караансыз өскөн бала.
к. КАРА ТУТУУ
Силерди киши деп, караан тутуп, ишенип жүргөн мен акмак (Медетов). Күйөөсү үйүнө келе калса, эмнегедир аны караан тутуп, ага жан тартчу болду (Медетов).
Алыстоо, жок болуп кетүү, көрүнбөй калуу. Караанын үзүп кеткиче, Карап турат Табылды («Эр Табылды»). Келгенде Алмаң жакындап, Караанын үзүп аларга, Жөнөй берди закымдап («Манас»).